Бүгүн Бишкекте “Алга” спорт комплекси ачылат


Бүгүн, 13-июнда Бишкекте толугу менен реконструкцияланган Алга шаардык спорт комплексинин салтанаттуу ачылыш аземи болот.

Кыргызстандын футбол союзунан кабарлашкандай, ачылыш президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүп, Кыргызстандын Жогорку Лигасынын 12-турунун алкагында «Алга» жана «Барс» футбол клубдарынын беттеши менен уланат.

Иш-чара ошондой эле ата мекендик эстрада артисттеринин концерти менен коштолот. Концерттик программа 18:30да башталып, беттештин ышкырыгы 20:30да жаңырат.

«Стадионго кирүү чакыруу менен болот», — деп айтылат билдирүүдө.