Өлкө боюнча 16 000ге жакын мугалим STEM багыты боюнча квалификациясын жогорулатат


Табигый жана так илимдерди окутуунун алдыңкы эл аралык методикаларын жайылтууга багытталган курстардын буга чейинки этаптары 13 000дин тегерегинде мугалимди камтыган. Ал эми ушул жылдын март айына чейин 16 000 мугалим окутулат.

Курстар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту тарабынан “Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо” долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылууда.
Заманбап методикалар мугалимдерге окуучуларды STEM сабактарына болгон кызыгуусун арттырууга, билим берүү процессине активдүү тартууга, алардын сынчыл ой жүгүртүүсүн жана өз алдынча изилдөө жүргүзүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берет.
Курстардын негизги багыттары:
Математика: курстар окуучулардын математика боюнча терең концептуалдык түшүнүгүн калыптандырууга, математикалык моделдештирүү жана эсептөө ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган. Бул ыкмалар окуучуларга теориялык принциптерди гана өздөштүрбөстөн, аларды реалдуу жашоодо колдонууну үйрөнүүгө жардам берип, математиканы көбүрөөк түшүнүктүү жана кызыктуу кылат.
Табигый илимдер: окутуу 5E модели боюнча жүргүзүлөт, ал беш этап аркылуу окуучуларды активдүү тартат — Кызыктыруу (Engage), Изилдөө (Explore), Түшүндүрүү (Explain), Кеңейтүү (Elaborate) жана Баалоо (Evaluate).
Өлкөнүн бардык аймактарын камтыган тренингдерди квалификациялуу мастер-тренерлер өткөрүүдө.
Маалымат иретинде: STEM – (science, technology, engineering and mathematics) деген аталыш илим, технология, инженерия жана математика деген сөздөрдүн англисче аталышынын баш тамгаларынан куралган. STEM билим берүү технологиясынын негизин инженердик ойлоп табуучулуктун ыкмасы түзөт (балдарды бир сабактын чегинде чектебестен, комплекстүү ой жүгүртүүгө үйрөтөт). Анын өзгөчөлүгү – бул технология жаатындагы билимди колдонуу менен окуу процессин түзүү болуп саналат. Ал эми максаты – балдарды келечекте эң көп талап кылынган, артыкчылыктуу кесиптерге даярдоо болуп эсептелет