Кыргызстанда алгачкы жолу тарыхый сериал тартылып баштады


Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу чоң форматтагы тарыхый сериал тартылып баштады. Бул тууралуу сериалдын режиссеру Сүйүн Откеев билдирди.

“Кара кыргыз” сериалында — 1917-жылдары эл үчүн күрөшкөн беш залкар инсандын өмүр жолу аркылуу үркүн, саясий күрөш жана советтик репрессия окуялары чагылдырылат. Алар — Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков жана Абдыкерим Сыдыков.

Сериалды “Кыргыз сериал” жана “Арна продакш” компаниялары тартууда.