Эртеңден баштап жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүү тобокелдиги күчөйт


 Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-июндан 22-июнга чейин аба ырайы улам өзгөрүп, жер-жерлерде нөшөрлөп жамгыр жаайт.
Буга байланыштуу тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн экени айтылды.