1-июлдан баштап салыктар QR-код аркылуу төлөнөт


Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, салыкчылар менен банкирлер жолугуп, 1-июлдан тартып салыктарды, салыктык эмес төлөмдөрдү жана камсыздандыруу төгүмдөрүн QR-код аркылуу төлөөнү талкуулаган.
Салыктарды төлөм коду же QR-код аркылуу төлөө төмөнкүлөрдү камсыздайт:

салык төлөөчүнүн төлөгөн каражаты онлайн режиминде бюджетке түшөт;

банк кассасында төлөм документтерин, реквизиттерди толтурууда (кол менен толтуруу) кетчү каталар жоюлат;

салык төлөөчүлөргө ыкчам жана сапаттуу кызмат көрсөтүү (банктын кассаларындагы узун кезектерди жоёт, убакытты үнөмдөйт).

Салык төлөмүнүн кодун же QR-кодду түзүү жолдору:

салык төлөөчүнүн кабинети же мобилдик тиркеме аркылуу («Салыктарды төлөө» бөлүмүндө);

бирдиктүү терезелерде: Ишкерлерди тейлөө борборлорунда же аймактык Салык кызматтарында түзүүгө болот.