Сөгүнүп сүйлөгөнү үчүн 3 суткага камакка алынган блогер Жанара Осмоналиева бошотулду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Буга чейин милиция маалымат таратып, 16-июнь күнү социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда “zhanxo” өзүнүн инстаграм баракчасында адепсиз, оозго алгыс сөздөр менен коштолгон видео жарыялаганы аныкталганын билдирген. Жыйынтыгында 1993-жылы туулган О.Ж. аттуу жаран Тергөө кызматына жеткирилип, тиешелүү аймагы боюнча Ленин РИИБге жөнөтүлгөн. Ленин райондук сотунун чечими менен Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) менен 3 суткага камакка алынган.
11-июнда III Бишкек Эл аралык кинофестивалы салтанаттуу түрдө ачылган. Фестиваль алгач көк түстөгү “Асман жолу” килеминен өтүүдөн башталган. Дал ошол фествалга барган блогер Жанара Осмоналиеванын көйнөгү талкуу жараткан.
Кинематография департаменти тарабынан Кинематография департаментинин директорунун орун басарына эскертүү , кинофестивалдын директоруна, уюштуруучуларга жана тиешелүү кызматкерлерге кызматтык сөгүш берилген.

