20-июнда АКШнын Майами шаарында улуттук футбол ассоциациялардын жетекчилери үчүн ФИФА Саммити өз ишин баштады. Бул иш-чарага Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев жана башкы катчы Медербек Сыдыков катышууда.
Саммиттин алкагында Кыргыз футбол союзу 2024-жылдын октябрь айында аяктаган Улуттук футбол академиясын куруу долбоорунун ийгиликтүү ишке ашырылышы үчүн FIFA Forward Awards сыйлыгына ээ болду. Сыйлыкты ФИФАнын президенти Жанни Инфантино өзү тапшырды.
FIFA Forward Awards — бул ФИФА тарабынан ишке киргизилген жаңы демилге болуп, Азиядагы улуттук ассоциациялар тарабынан FIFA Forward программасынын колдоосу менен ишке ашырылган мыкты инфратүзүм долбоорлорду таанытууга жана сыйлоого багытталган. Сыйлыктар үч категорияда ыйгарылат: алтын, күмүш жана коло. КФБ эң жогорку даражадагы — «алтын» сыйлыгына ээ болду.