ТИМде «Россия Федерациясындагы миграциялык мыйзамдардагы өзгөрүүлөр» темасындагы жолугушуу өттү


Кечээ, 29-январда Тышкы иштер министрлигинин тышкы саясий ведомствонун кызматкерлеринин Кыргыз Республикасындагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Иш-чаранын негизги темасы Россия Федерациясында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына тиешелүү Россиянын миграциялык мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр болду.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө Россия Федерациясында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктук абалына байланыштуу актуалдуу маселелер каралды. Мындан сырткары, миграция жаатындагы Россия Федерациясынын мыйзам актыларындагы, биринчи кезекте, ал өлкөдө болууга (жашоого) мыйзамдуу негиздери жок мекендештерге тиешелүү өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Иш-чаранын максаты чет мамлекеттердин миграциялык мыйзамдарындагы, чет жакта жүргөн жарандардын укук-милдеттерине таасир эте турган өзгөртүүлөр тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга багытталган маалыматтык-түшүндүрүү иштерине жалпыга маалымдоо каражаттарын активдүү тартуу болду. Катышуучулар актуалдуу маалыматты кенен аудиторияга жайылтуу үчүн ЖМКлар менен өз ара кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.