2025-жылдын 25-июнунда Ысык-Көлдө Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) айыл чарба министрлеринин 4-жыйыны болуп өттү.
Иш-чарага Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстан жана Венгрия мамлекеттеринин айыл чарба министрлери жана алардын орун басарлары катышты.

Жыйындын ачылышында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрага орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Эргешович Торобаев сөз сүйлөп, ТМУга мүчө мамлекеттердин айыл чарба тармагындагы интеграциясын жана биргелешкен өнүгүүсүн чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Министр өз сөзүндө органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү, экспорттук-импорттук алакаларды кеңейтүү, заманбап агрардык технологияларды киргизүү, ошондой эле айыл чарба тармагында илимди өнүктүрүү жана жаш кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгиледи.
Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Касымович Омуралиев Кыргыз Республикасына жогорку деңгээлде уюштурулган жыйын үчүн ыраазычылык билдирип, уюмдун мүчө мамлекеттерди интеграциялоодогу маанилүү ролун белгиледи. Ал ошондой эле, жыйындын алкагында кабыл алынган ТМУнун «Жол картасын» ишке ашыруу жана заманбап биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү зарылдыгын баса белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө министрлер, алардын орун басарлары жана айыл чарба боюнча чакырылган эксперттер сөз сүйлөп, тийиштүү багыттар боюнча пикир алмашты.
2025-жылдын 26-июнунда ТМУнун мүчө мамлекеттеринин агрардык компанияларынын жана ишканаларынын, ошондой эле министрлер жыйынынын расмий катышуучуларынын катышуусунда агробизнес-форум өтөт.

