Кыргызстанда диний уюмдарды каттоо убактылуу токтотулду


Тиешелүү арыздар азырынча кабыл алынбай турганын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия кабарлады.

Аталган мекеме муну диний уюмдар боюнча маалымат базасын жаңыртуу иш-чаралары менен түшүндүрдү.

Эске салсак, ушул жылдын 1-февралынан тарта “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам күчүнө кирет.