Блогер блок

Тагдыр: Атам айткан аяш апам, өгөй апам болуп чыкты…

Жыл сайын жайкы каникулду дегдеп күтөм. Анткени тээ алыста, борбордо иштеген атама барып, сагынычымды таратып, атам оюм менен болуп, менден бактылуу жан жоктой сезилчү.

Атам жакшы адам. Ооба, оор басырыктуу, ичпейт, тескери баспайт, жумушунан келет, өз тамагын өзү жасайт, кирин өзү жууйт. Бул жылы 10-классты аяктап, атамдын жанына келдим. Атам кудуңдап кубанып кири жуулуп, тамагы жасалып, кызым бой жетип калыптыр деп бактылуу.

Адатымча атам жакшы көргөн тамагы манты жасап, кир жууп атамдын жумуштан келер чагын күтүп отуруп калдым. Атам эшиктен жаркылдап кирип эле:

— Кандайсың кызым зерикпедиңби? Бүгүн мага айылдан досум келет экен аялы менен, сен апжеңдин үйүнө түнөп келе калчы деп калды.

Токтоосуз макул болдум. Аяш атамдар келсе бир бөлмөлүү үйдө тыгылбай барып келейин, апжеме да жолугам деген ойдо кетип калдым. Эрте менен келсем атам жумушка кетип, үйдө арык чырай сулуу келин жүрүптүр. Аяш апам болсо керек деп, саламдашып идиш-аяктарды жууп кирдим. Аяш апам шаарда жумуштарым бар деп  кийинип чыгып кетти. Кечинде атам менен аяш апам келди.

Апжем эртең отпуска чыгам келип паластарымды жуушуп, жардам беришип койчу дегинин эстеп, атама айттым да эки-үч күндө келем деп кеттим.

Апжем менен сүйлөшүп отуруп үйгө аяш атамдар келгенин айттым. Бирок, аяш атамды эмес аяш апамды көргөнүмдү айттым. Апжем кабыгын чытып:

— Элиза, сен чоңоюп калдың, өзүң акылдуусуң. Жеңем сага жакшы тарбия берди. Бирок, сен апаң менен атаң эмнеге ажырашканын билесңби? Дал ошол аяш апаңдын айынан ажырашкан. Ал эч кандай сага аяш апа эмес, ал атаңдын экинчи аялы, – деди.

Түшүнбөй кулактарым чуулдап, көзүм караңгылап отуруп калдым. Мен буга чейин атамды жактап, апа сенин мүнөзүң жаман, сен жакшы болсоң атам менен чогуу жашайт элек да деп апамды күнөөлөп келбедим беле…

А көрсө, атам бир кезде айылга барып, достору менен отуруп майрамдашып, анан досунун үйүнө конуп калат. Досунун үйүндө жүргөн күйөөдөн чыккан балдызы атамдын гитарада ырдаганын жакшы көрүп калып, мастыгынан пайдаланып атам менен бир төшөккө жатып алат. Мас болгон атам аны апам деп кабылдап, кыскасы ошол күнү атамдын айылдагы азыр 3-класста окуп жаткан баласы жарык ааламга келет экен.

Мунун баарын муунум калчылдап жатып апжемден уктум. Мен жалгыз эмес экенмин, көрсө, атамдын айылда баласы бар экен.

Аяш апам деген өгөй апам, баласын көтөрүп шаарга келгенде апам чыдабай кетип калат мени алып. Апам байкуш швеяга иштеп мени чоңойтот. Кез-кезде атама келип турам. Атам неге жалгыз жашайт, неге өзү тамак жайсат, апам неге такыр атам менен жолукпайт экенин бүгүн билдим. Көрсө экинчи аялы бир айда бир келип атамдын айылыгын чогултуп кетип, кирин жууп берип турат экен. Бул жылы каникулда экөөбүздүн сапар бир болуп чогуу келип алыптырбыз.

Ошентип, койнунда кичинекей чүрпөсү менен апам байкуш жолдошун башкага алдырып, күйүттөн күчтүү аялга айланган экен. Апама боорум ачып, апжемдин үйүнөн эле айылга кете бердим. Жолдо, аяш апам деген өгөй аялды жаман көрүп, ага кошуп атама ачуум келип, түркүн ойлордун кучагында келе жаттым.

Качан гана айылга жеткенде апамдын караанын көрүп, көзүмдөн мончок жаш кулады. Бирок, апама байкатпаганга аракет кылдым. Апамды сагынганымды айтып, мойнунан бекем кучактап ыйлап жаттым, болгону апамдын эски жарасына туз сепким келбеди…

Жазгүл Баяналиева

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button