Бишкектин «Айкөл Ордо» («Дасмия») ресторанында Муңгуш уруусунун сый тамак берүү аземи болуп өттү. Кыргызстан гана эмес, дүйнөнүн туш тарабына чачыраган муңгуштар бул жолу ордо калаага чогулушту.

Кандаш деген башка экен, боордош деген башка экен: Аксыдан, Көлдөн, Чүйдөн Таластан келген төлөйкөн туугандарым менен таанышып кадимкидей толкундандым. Төлөйкөн Муңгуш балдарынын ичинен эң көп сандуу топтордун бири. Учурда Ош шаарын тегерете негизинен Муңгуш балдары: кодогочун, төлөйкөн, жоош, жапалак, көкжатык, жылкелди, соколок, кара эчки, улуу катын, тээке, эрке кашка, мангыт, сарай, сарылар жана башкалар жашайт. Орто Азияда улуттук мамлекеттерге аймактар бөлүнүп, азыркы өлкөлөр пайда болушунда улут маселеси чоң орунга ээ болгон. Ош шаарында көпчүлүктү өзбектер түзүп, бирок шаарды курчай мунгуш балдары жашагандыктан Оштун Кыргызстандын шаары болуп калышында мунгуштар негизги факторлордун бири болгон.

Эми кечээги жыйынга келсек, сый тамакты Муңгуш балдары, тактап айтканда, ушул уруудан чыккан аттуу-баштуу инсандар уюштурушту. Аларды тизмелей берсек аябай көп, таанымалдарын эле айтып койолу: Меңди Мамазаирова, Абдымитал Кочкорбаев, Искендер Матраимов, Жылдызкан Жолдошева, Эркинбек Чодуев, Шайлообек Атазов, Алишер Козуев, Айбек Осмонов, Искендер Гаипкулов, Урмат Кокочоров, Акылбек Султанов, Раимжан Курбанов, Маяк Мамытов жана башка аты аталбаган көптөгөн мекендештерибиз. Заманыбыздын залкар жазуучусу Султан Раев агабыз да муңгуштан. Ал киши эл аралык абройлуу уюмду жетектегендиктен, атын кайсы бир бейрасмий иш-чараларга кошууга болбойт экен.

Кыргызстандын бардык облус, райондорунан мунгуштар, ошондой эле конок катары таанымал адамдар, Кыргыз Эл баатырлары, Аксакалдар, 40 уруу кыргыздын ар бир уруусунан өкүлдөр келишти.

Бири менен бири жүз көрүшүп, дидарлашып, жүзмө жүз таанышып, сөз арасында Мунгуш балдарынан чыккан профессионал ырчылар Чырмаш Төрөбеков, Акмаанай Эшбаева, Абдыманап Төрөбековдор ырдап, белгилүү комузчу, педагог Мастура Бердибекова комузда кол ойнотуп, Өсөр Козуев кыягын тартып, өтө шаңдуу, позитивдүү, эң башкысы элибизди ынтымакка, жаратман иштерге чакырган иш-чара болду. Кыргыздын дасторкон маданиятына ылайык, сыйлуу жиликтер аксакалдарга тартылып, эң сыйлуу жилик уча эң абройлуу аксакалга тартылды. Элдик протокол, салт санаада бар эмеспи, Чоң-Арыктагы резиденцияда жашаган Биринчиге да экинчи жылкынын учасы жөнөтүлдү.

Кырк уруу кыргыз — курама эл. Манас баатыр: «Курама жыйып, журт кылдым», — дейт. Көчмөн эл кокту-колоттордо жашап, бири-бирине көп баш койбой, керек болсо бүтүндөй уруулар таарынып, же башка себептер менен бөтөн элге көчүп кеткен окуялар тарых барактарында сакталуу.

Эң кызыгы урууларды сүрүштүрүп отурсак, баарыбыз эле тууган болуп чыгабыз. Мисалы, жеке мен өзүмдү айтсам. Бабам — Сасыкбай. Өзүбүз өзүбүздү жыттуубаевдер деп койобуз. Көпмөлөр деп койот эл. Туугандарым менин атам жана менден башкасы көөп, оолугуп, мактанып, азыркыча айтканда понт кылып эле турушат. Сасыкбайдан 4 уул: Гапар, Муса, Бакир, Тойгонбай. Булардан тарагандардын көбү чоң кызматтарда иштешет. Чоң атам Муса 12 балалуу болгон. Алар да баары тың чыкты. Эң карапайым, жөнөкөйү атам Мамат Мусаев эле. Чынчылдыгы менен баскан-турганы анегдот болуп кеткен киши эле. Бир тууган кайниси соолуктуруучу жайга түшүп калса, отура бер эми, протокол түзүлүп калыптыр деген, мас болуп алып машина айдап баратса, бир да ГАИ тоспойт экен, түшүп алып, мен мас болуп рулда баратсам, эмне тоспойсуңар деп маичилерди тырыштырган киши раматылык атам эле. Милицияда чоң кызматтарда иштеп, 2014-жылы көзү өтүп кетти. Чоң атамдын неберелеринин айрымдарын тааныбай калдым. Алысыраакка түшкөн эжелеримдин балдарын деле тааныбайм. Чоң атамын чеберелерин болсо такыр эле тааныбай калдым өзүмүн бир туугандарымдын балдарынан башкасын. Ошол сыңары. азыркы кыргыздар бир эле атадан да тараган да.

Жогоруда кыргыздар кокту-колотторду ээлеп жашаган көчмөн эле болгондугун айттым. Кез-кез чабышып, эрегиште эр өлүп турган. Ага 19-кылымдагы бугу-сарбагыш чабышы күбө. Ошондуктан кыргыздарда ынтымак дайыма актуалдуу болгон. Эгемендик алгандан бери 100 чакты эле үй-бүлө бийлик талашып, ынтымакка келе албай, 3 жолу төңкөрүш жасашты. Эл жөн гана курал болуп берди. Ыштаныбыз жаман жеринен айрылып, дүйнөгө эң чырбаш элдердин катарында таанылдык.

Ынтымакты сактап турууда уруулар биримдиги уникалдуу инструмент болчудай. Уруу сүрүштүрүү, санжыра туура колдонсо эң баалуу нерсе. Анткени эл өзү буга катуу көңүл бурат. Кылымдардан бери келе жаткан элдик баалуулук. Демек, бул элдин элдиктүүлүгүн сактоодо маанилүү нерсе. Раматылык досум Абдувахаб Мониев: “Байыртан айтылган түп нускасы таза сакталган кезде гана санжыра өз кунун, маани-маңызын сактап, улут өтмүшүн аңдап билүүгө жандооч , ал эми болочогун түздөп, болжоого огожо боло алат”, — деп жазган эле.

Уруулардын тою — туугандардын тою. Дүйнөдө тойго жетпей жүргөн элдер канча? Өмүрүндө бир той кыла албай өтүп кеткен миллиондогон элдер бар. Мисалы, кытайларда той кылмак турсун, паспорт ала албай, үйү жок, картон-мартондордо жашап өтүп кеткен пенделер бар экен. Биз суктанган Европа биздикиндей тууганчылык катыштарга жете албай жүрүшөт. “Силерде кандай сонун, балдарынын колунда, сыйда, конокто, төрдө жүрүп өлгөн адамдык бакыттын жеткен чеги эмеспи”, — дейт Европанын карылар пансионунда жашаган бир карыя.

Биз дал ошол европалык карыялар жете албай жүргөн бакытты өз аксакалдарыбызга тартуулап жатабыз. Уруулар тойлоруна келгендердин 80 пайызы пенсия жашындагы аксакалдар экен. Бири менен бири таанышып, көңүл ачып, нарктуу, барктуу сөздөр сүйлөнүп, ак батасын берип кетишет. Карыган курактын да өз көйгөйлөрү бар. Аксакалдар да зеригет, сөз уккусу келет, эл-жер көргүсү келет, теңтуштары менен жолуккусу келет. Уруулар тоюнун шылтоосу менен эл-жер көрүп келгендин эмнеси жаман? Же булар революция жасап жатышабы? Же элди бир жамандыкка чакырып жатышабы? «Бербесе да бай жакшы, берсе дагы бай жакшы» дегендей, баягы эле байларыбызга салык салып, ушул уруу тойлорун өткөрүп келе жатабыз. Азыркы бийлик улам-улам айтып жаткандай, мамлекеттик бюджеттен бир да тыйын кетпейт. Тескерисинче, элди ынтымакка, ыйманга чакырып, эл-журтка ак батасын берип тарап жатышпайбы аксакалдар.

Элдик Курултай деп, жер-жерден делегат шайлап, кыргыз жүргөн жерде ызы-чуусуз болмок беле, көптөгөн интригалар жүз берип жатпайбы. А уруулардын тою болсо ызы-чуусу жок, интригасы жок эле өтүп келе жаткандай. Ар бир уруу өз тыңчыкмаларын билет. Элди ким башкара аларын, коомдук иштерди ким жасай аларын эл билет. Демократиялык шайлоо, бюллетень-мюллетен деп отурбай эле уруу аксакалдары өз өкүлдөрүн шайлап коюп жатышат. Дал турмуштун университетинен өткөн, көзү каныккан, абройлуу, сыйлуу аксакалдар көп да. Атамбаев айткандай, акшакалдар да көп. Бейиши болгур Бейшекем айткан жашшакалдар андан көп. Раматылык Докем айткан дүжүр чалдар мындан көп. Элдин кеменгерлиги ошолордун арасынан татыктуусун тандап алууда жатат. Мен билгенден, уруу курултайлары чыныгы элдик адамдар, коомдук ишмерлердин демилгелери менен уюшулуп келе жатат. Албетте, каржылоочулар баягы эле байлар, депутат, министрлер, эл өзү. Жакшыбы, жаманбы, уурубу, туурубу, азырынча андан башкасы жок.

Илимде формалдуу лидерлер жана бейформал лидерлер деген түшүнүк бар. Бейформал лидерлер дал ошол жер-жерлерден, уруулардан чыккан активдүү жарандар. Чыныгы коомдук ишмерлер — накта ошолор. Салт-санаа, адат, жазылбаган мыйзамдар бар. Ошолорду сактап, көзөмөлдөп туруучулар дал ошол жер-жерлерден чыккан аксакалдар, уруу башчылары. Мыйзам тескей албаган иштерди ошолор аткарат.

Айтайын дегеним, уруулардын ынтымак тойлору мамлекеттик түзүмгө коркунуч келтирчү, элди бузар, журтту бузар деле иш-чара эмес. Муну мамлекет тыя да албайт. Кылычынан кан тамган СССР деле биздин эс-тутумдан кайсы урууга таандык экенибизди өчүрүп койо алган эмес.

“Жети атаңды бил” деген кыргызды кыргыз кылган түшүнүк бар эмеспи. Ошол сыңары уруубузду билип, тарыхыбызды билип, жаман иштерден сабак алып, жакшы иштерден шыктанып, мотивация алып жашообуз абзел деп ойлойм. Анын үстүнө ар бир бешинчи кыргыз эң болбоду дегенде депутат болгусу келет. Креслого отургусу келет. Кызматка барып калса, майлуу-сүттүү болсун креслоң дейт. Мандат саны чектелүү, кызмат орду чектелүү, падышалык такты болсо бирөө эле. Уруу курултайлары, тойлорунда негизинен экс-чиновниктер, байлар, таанымал адамдар жүрүшөт. Уруу тойлоруна барып, бири-бирин башкарып, өздөрүнчө бий шайлап, бири-бирине коомдордун атынан даярдалган грамота, медаль, белек-бечкек, ар кандай наамдарды тапшырып жүрө беришсин да аксакалдарыбыз. Өздөрү да ошого ыраазы, бактылуу. Аксакалдарыбызга, мыктыларыбызга ошол бакытты кут кылсын.

Журналист Нургазы Мусаев