Акыркы мезгилде коомубузда бир топ өзгөрүүлөр болуп, айрыкча мамлекеттин экономикасынын бир канатын күүлөп турган эң бир ири алтын өндүрүлгөн кендерде коррупциялык схемалар аныкталып, айрымдары кызматынан кол жууп жатканы баарыбызга белгилүү. Бирок дал ошол иштерди көрүп туруп деле жең ичинен иш бүтүргөн “Кыргызалтын” ААКтын жетекчилиги президенттин “өлкөнү өнүктүрөлү, ууру-кескилердин колун кыркалы” деген сөздөрүн уруп ойнобой турганы жанды кашайтат.

Абдраимов Кубат Бейшенбекович «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы кызматына дайындалгандан бери компаниянын жамаатында моралдык-психологиялык климаттын кескин начарлашы байкалган. Анткени Филиалдарда кошумча жетекчи штаттык бирдиктер негизсиз ачылып, эң кызыгы алардын баары бул жаатта компетентсиз адамдар, анткени бул тармакка  тиешеси жок адистиги дал келбегендер келишкен. Айлыктары болсо 100 миң сомдон 180 миң сомго чейин жетет.

«Кыргызалтын» ААКда жаңыдан түзүлгөн кадр маселеси боюнча бөлүмгө Ош шаарынын мурдагы прокурору Момбекова Айгүл Бийзаковна дайындалып, кадр маселесинде анын түздөн-түз көрсөтмөлөрү гана аткарылат. Айгүл  Момбекова оппозиционер, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери А.К.Мадумаровдун пикирлеши, ал ушул партиядан 2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин катарына кирген. Ал эми анын орун басары, иш жүзүндө эч нерсе кылбаган спорт баяндамачысы Кубан Атабеков.  Бардык кадрдык дайындоолор тымызын жүргүзүлүп, эртең менен  эле кадрлар алмашып калат.

Бардык бул кадрдык толкундоолор компаниянын жана филиалдардын финансылык ишмердигине таасирин тийгизип, ишкананын кирешеси азыркы күндө сарамжалсыз жана натыйжасыз бөлүштүрүлүп жатат.

Учурда К. Абдраимов өзүн «хан» сезип,  ишкананын алдында турган конкреттүү маселелерди чечүү боюнча өз пикирин айта алган, бирок анын амбицияларына карама-каршы келген айрым кызматкерлерди жумуштан бошотом деп ачык эле коркутуп чыгат. Анын азыркы эң бир олуттуу жасаган иштеринин бири- социалдык тармактарда жана компаниянын расмий сайтында өзүн-өзү пиарлоо.

Ишкананын мурдагы жетекчиси Калдарбеков Э.С.ны акырын адаштырып, артынан интригаларды уюштуруп, анын иштен алынышына себепкер болгон. Калдарбеков мурунку кызматкерлердин баарын жумуштан алып салган, ал эми Абдраимов  тескерисинче, жалаң пенсионерлерди кабыл алат. Натыйжада бул жааттагы фундаменталдык билими жоктугунан кызматкерлер эртеден кечке бош отурушат.

Андан сырткары, Министрлер кабинетине эмгек акы боюнча отчет берүүдө алар салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн кармабастан бардык жумушчулардын орточо эмгек акысын алышат. Тагыраак айтканда, салык жана социалдык чегерүүлөрдөн кийин сумма кыйла аз болуп калат. Маселен, учурда карапайым жумушчулардын айлыгы 20-25 миң сомду түзөт, ал эми  отчетто 40-50 миң сомдон жогору турган сумманы чегерүүсүз көрсөтүшөт. Заводдун кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүү боюнча бир нече жолу жазуу жүзүндө сунуш кылынган, бирок Абдраимов бул кызматта көбүрөөк калуу үчүн кызматкерлердин эмес өз камын ойлоп жүрөт.

К.Абдраимов модернизация жана санариптештирүү деген шылтоо менен өзүнө окшогон коррупционерлер менен бирдикте жабдууларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алардан мурун атайылап сумманы көбөйтүп, ири суммадагы каражатты коротуп жатат.

Жумушчулар эмгек акыны жогорулатууга абдан муктаж, ошол себептүү баалуу кадрлардын сыртка агып кетишинин негизги себеби ушул болуп эсептелет.

Буга байланыштуу мигранттардын, жумушсуздардын жана нааразы, кыжырдангандардын саны өсүүдө. Мунун баары ансыз да бир аз чыңалган өлкөдөгү саясий кырдаалга таасирин тийгизүүдө. Мисалга, жакында эле акциялары толугу менен «Кыргызалтын» ААКсына өткөн «Макмал Голд Компани» биргелешкен ишканасын алалы. Бул компания рентабелдүү эмес жана банкрот болуу алдында турат, ага карабастан К.Абдраимов колдо болгон бардык финансылык каражаттарды имараттын фасадын оңдоого жана арзан эмес сандык камераларды сатып алууга жумшоону чечкен. Абдраимов К. сунуштаган бир даана 1 миң АКШ долларын түзөт. Негизги маселе ишкананын ишмердүүлүгүн бир аз кеңейтүү үчүн биринчи кезекте кышка чейин күн сайын бузулуп, ширетүүчү аппараттардын, агрегаттарды, жабдууларын оңдоо жана сатып алуу керек.

Ошондой эле азыркы тапта “Макмал” комбинатынын абалы өтө начар. Бирок «хандын» амбициялары бул нерселерге кызыкдар эмес, анткени ал үчүн өзүн мактап, пиардын жардамы менен өлкөнүн жогорку жетекчилигинин алдына көрүнүп, коррупцияны, алтын уурдоону токтоткон баатыр катары чыгуу маанилүү. Мунун баары анын ойдон чыгарылган жомогу экенин ичиндеги системаны билгендер сөзүмдү тастыктап беришет.

Негизи “Макмал” бул кызматка Абдраимов  дайындалганга чейин эле уурдалып, жок болуп кетүү алдында турат, себеби,  уурулук тээ 90-жылдары эле башталган, муну элдин баары билет. Руданын курамы азыр өтө төмөн, коопсуздук тармагындагы жетекчиликтин аракетинин аркасында гана комбинаттын көрсөткүчү ошол эле деңгээлде сакталып турат, бирок бул көпкө созулбайт. Башкача айтканда, уурулук убактылуу токтотулган. Жакында кайра иштетүүгө эч нерсе болбойт жана чыгашалар пайдадан чоң болуп калат, бул сөзсүз түрдө компаниянын банкрот болушуна алып келет. Ошондо имараттын “жаңы жасалган фасады” эле көрүнүп калаары бышык.

Андан сырткары,  Солтон-Сары филиалы да рентабелдүү эмес, бирок карьерде «Авелум Партнер» биргелешкен ишканасы түзүлүп, ал дагы «Кыргызалтын» ААКтын коррупционерлеринин аркасында иштебей турат. Учурда «Кыргызалтын» ААКтын үлүшү өндүрүлгөн алтындын 17%ын түзсө, эми К.Абдраимовдун айтымы боюнча, «Кыргызалтын» ишкананын кирешесинин 40%ына ээ болот экен. «Кыргызалтын» мындан ары «Авелум Партнерден» дивиденддерди алууга ишене албайт деп ишенимдүү айта алабыз, анткени алар жакынкы жылдарда рентабелдүү болбой калат жана такыр эле чыгышы күмөн. Ал жердеги  Эмгекчил айылында кандай адамдар жашаарын элдин баары билет.

Бул жерден да Абдраимов К., коркутуп-үркүтүп, бардык керектүү документтерди макулдашууга жана кол коюуга жетишкен.

«Кыргызалтын» ААКны сактап калуу жана аны өлкө үчүн маанилүү тармак катары андан ары өнүктүрүү үчүн К.Абдраимовду ээлеген кызматынан четтетүү маселесин кароону, бул кызматка өз ишин мыкты билген, компетенттүү, жаш адисти дайындоо жана ага 1 жылдык мөөнөт берүүнү сунуштайм. Кеминде 5 жыл, башкача айтканда, ал ушул 5 жыл ичинде бул кызматта иштей тургандыгына кепилдик жана бул убакыттын ичинде ал компаниянын бардык перспективдүү пландарын ишке ашырууга милдеттүү. Анткени, акыркы жылдары бир топ жетекчилер алмашты, алардын баары бул тармакта компетенттүү адистер болгон эмес. Бул позицияны саясатташтырууга болбойт, компания жеке адамдын амбициясын эмес, өзүнүн түз функцияларын аткарып, иштеши керек, анткени бул жөн гана өндүрүш.

Маалымат үчүн Абдраимовдун “Кыргызалтын” ААКа келгенге чейинки бир нече жолу маалымат каражаттарында коррупционер же калпакчан прокурор катары ачыкка чыкканын эске салам. Абдраимов Ош облусунун прокурору болуп турганда Ош шаарынын тургуну Курсанова Диананы прокуратурага ишке орноштурууну убада кылып, уятсыздык менен 50 миң сом алып, бирок кийинчерээк ал кызматка орношо албаганы белгилүү болгон. Аталган жаран акчадан да, кызматтан да куржалак калган, тагыраагы Абдраимов  акчасын да кайтарып бербей изин суутуп кеткен. Андан сырткары, Оштогу маанилүү иш-чаралардын биринде Абдраимов башына калпак кийип, прокурордун формасы менен эл алдына чыгып, ант берүүгө жетишип, прокурордун жүрүм-туруму да кызуу талкууну жаратканын интернет булактарынан көрүүгө болот.

Азыркы бийликтин коррупцияга каршы күрөшүндө, мен айтып берген маалыматтарды дагы эске алып, бул тармакты дагы дыкаттык менен текшерип чыгып, ишкана кызматкерлеринин баарына жаккан жетекчи келсе деген ниетимди билдирем.

Төмөндө далил катары документтер:

Мурат Турдубаев