Маданият
Бүгүн Комуз күнүнө карата майрамдык салтанат болот
Бүгүн, 9-сентябрда Комуз күнүнө карата «Таңшы комуз» аттуу майрамдык иш-чара өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Салтанат А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жанында, Токтогул Сатылгановдун айкелинин алдында болот.
Иш-чарага таанымал, атактуу комузчулар жана М. Абдраев атындагы атайын музыкалык мектеп-интернатынын, «Акак» комузчулар ансамблинин жана П. Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинин таланттуу улан-кыздары катышат.
Саат 18:00дө баштала турган майрамдык кече КТРКнын «Маданият. Тарых. Тил» каналында түз эфирде көрсөтүлөт.