Маданият

Маданият министрлиги «Мыкты боз үй» сынагын жарыялады. Шарттары

Дүйнө элдеринин эпосторунун эл аралык VI фестивалынын алкагында «Мыкты боз үй» кароо-сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Сынактын максаты — боз үй жасаган чеберлерден жаш муун үчүн салттуу өнөрчүлүк мектебин калыптандыруу, өнүктүрүү жана сактоо. Кол өнөрчүлүгүнүн казынасын байытуу, элдин күнүмдүк турмушунда унутта калып бара жаткан өнөрчүлүк технологиясын кайра жандандыруу.

Сынакка катышуунун шарттары:

Калктын бардык катмарынын өкүлдөрү катыша алат жана чеберлердин жаш курагы, улуту чектелбейт. Сынакка ички-сырткы жасалгалары толук бүткөн, элдик нукура технологияны колдонуу менен сын-келбеттүү боз үйлөрдү өз колдору менен жасаган бардык чеберлер катыша алат;

-Буга чейинки эпос фестивалына катышкан боз үйлөр катыша албайт;

-Сынактын жеңүүчүлөрү калыстар тобу тарабынан аныкталат.

-Катышууну каалагандар уюштуруу тобуна билдирмени 20-сентябрга чейин, Бишкек шаары, Пушкин көчөсү №78 (3-кабинет) дарегине тапшыруусу зарыл.

-Сынакка кабыл алынган боз үйлөр 22-сентябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын алдында орнотулат.

-Жеңүүчүлөр Маданият министрлигинин диплом, грамоталары менен жана акчалай түрүндө сыйланат.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button