Коом

Курч респиратордук вирустук жугуштуу инфекцияларды жана пневмония жуктуруп алган балдарды кабыл алуу үчүн кошумча орундар ачылат

Курч респиратордук вирустук жугуштуу ооруларды жана өпкө кагынуусун жуктуруп алган балдарды кабыл алуу үчүн кошумча орундар ачылат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигин басма сөз кызматынан  кабарлады.

Маалыматка ылайык, курч респиратордук вирустук инфекциялардын сезондук эпидемиясынын күчөшүнө байланыштуу жана балдарга медициналык жардамды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүү үчүн, курч респиратордук вирустук инфекциялар, аныкталбаган этиологиядагы пневмония менен ооруган балдарды тез ооруканага жаткыруу үчүн Республикалык диагностикалык борбордун базасында убактылуу жугуштуу оорукана жайгаштырылат. Убактылуу ооруканага орточо оор абалдагы балдар жөнөтүлөт.

КРВИ жана сасык тумоонун эпидемиологиялык күчөгөн мезгилинде Бишкек шаарындагы Үй-бүлөлүк медицина борборлору дем алыш күндөрү да иштейт. Сасык тумоо, КРВИ жана COVID-19дун алдын алуу эрежелери бирдей. Гигиенанын эң жөнөкөй эрежелерин сактоого чакырышты:

колду тез-тез жууп, антисептикалык каражаттарды колдонуу;

бет кап кийүү;

эл көп чогулган жерлерден алыс болуу;

сасык тумоого жана COVID-19га каршы эмдөө алуу.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button