Саясат

“Бекешев менен болгон кырдаал калган бардык талапкерлерге сабак болот”

Шайлоого карата үгүт  учурундагы Дастан Бекешев боюнча абал башкаларга сабак болот. Мындай пикирин редакциябызга саясат таануучу Денис Бердаков билдирди.

«Бул үгүт иштери өтө тыкыр көзөмөл астында өтүп, административдик ресурс, паракорчулук, мамлекеттик кызматкерлерди жана балдарды үгүт иштерине тартуу менен өзгөчөлөнүп турат. Буга чейин мындай ызы-чуулар көп болгон. Менимче, бул башталышы гана — шайлоого жакын дагы күч алып, паракорчулукка жана башка беренелерге байланыштуу бир катар резонанстуу иликтөөлөр болсо керек деп ойлойм»- деп эсептейт эксперт.

Саясат таануучу белгилегендей, Дастан Бекешев өзү келген.

«УКМКда иши каралып жатат. Мен мыйзам бузууну одоно деп эсептейм, бирок кандай болгон күндө да аны БШК карайт жана ал жерде ар кандай чечимдер болушу мүмкүн. Кандай болгон күндө дагы бул бардык башка талапкерлер үчүн эскертүү жана жакшы сабак болот. Анткени социалдык тармактарда балдарды үгүт иштерине тартуу фактылары болуп жатканын көрүп жатабыз. Менин оюмча, алар да жазасын алат, тагыраак айтканда, ушул учурга карата – мыйзам баарына бирдей. Эгерде мыйзам бузуу болгон болсо, БШК чечим чыгарат, эгерде мыйзам бузуу болбосо, анда кандай болгон күндө да чечим БШК тарапта болот», — деди Денис Бердаков.

Эске сала кетсек, УКМК буга чейин депутаттыкка талапкер Дастан Бекешевдин шайлоо штабынын үгүт иштерине орто мектептердин окуучуларын колдонгон фактысы боюнча маалымат тараткан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button