Коом

Мүмкүнчүлүгү чектелген баланы багуу боюнча жеке ассистенттен киреше салыгын албоо сунушталды

 Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Мээримбек Койчуманов Салык кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Алар туруктуу камкордукка жана көзөмөлгө муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланы багуу боюнча жеке ассистенттин кызматына акы төлөөгө тиешелүү.

Кыргызстанда 2019-жылдан бери өзгөчө балдары бар энелер баласын багуу үчүн айлык алышат.

2019-жылдын 1-январынан бери туруктуу камкордукка жана көзөмөлгө муктаж 6557 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала жеке жардамчы кызматы менен камтылган. Буга республикалык бюджеттен 3 миллион 842 миң сом жумшалса, анын ичинен 1,8 миллион сому 6 миң 476 персоналдык жардамчыга ыктыярдуу патент алууга жумшалды.

Жеке жардамчылар ыктыярдуу патенттерди жана камсыздандыруу полистерин республикалык бюджеттин эсебинен сатып алышат. Бул суммадан мамлекеттик жана жергиликтүү бюджетке салык төлөнөт.

«КРнын Салык кодексинин 353-беренесинде жеке жактар ​​киреше салыгынын ордуна салыкты ыктыярдуу патенттин негизинде төлөйт. Жеке ассистенттин кирешесин киреше салыгы салынбаган кирешелердин тизмесине киргизүү зарыл деп эсептейбиз,  муну менен патенттерди алуу, жаңыртуу, ошондой эле салыктык отчеттуулукту берүү үчүн эмгек чыгымдарын азайтат», — деп белгилейт автор.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button