Саясат

Садыр Жапаров: Centerra өзү да Кумтөр кени мындан ары ага таандык эмес экенин моюндап жатат

Бүгүн, 25-декабрда  Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында министрлер кабинетинин жыйналышы өтүүдө. Анда сөз сүйлөгөн өлкө башчысы “Кумтөр” кенине токтолуп төмөнкүлөрдү айтты.

“Кыргыз элинин “Кумтөр” боюнча бардык ой-тилегин, максатын сөзсүз ишке ашырабыз.

Ал үчүн биринчи кезекте мыйзамдык жактан күчтөдүк.

Президенттик ишке киришерим менен биринчи чыгарылган 5 жарлыгымдын ичинде дал ушул “Кыргыз Республикасынын тоо кен тармагын реформалоо маселелери жөнүндө” жарлыгымды чыгардым.

Анын алкагында, түздөн-түз улуттук кызыкчылыктарды көздөгөн, бир топ Мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргиздик,

мисалы:

— ири кендерди өзүбүз иштетебиз деген максатта “Улуу көчмөндөр мурасы” аттуу холдингди түздүк, мамлекеттин үлүшү – 100%;

— буга чейин рекультивацияга каралган каражаттар ар кандай 17 банкта жаткан.

Кумтөрдөн тышкары башка кендерден рекультивацияга түшүп жаткан 340 млн сом  эми мындан ары мамлекеттик банктарда гана сакталат.

Бул каражат кичи жана орто бизнестин экономиканы өнүктүрүүгө багытталган гана долбоорлоруна кайтарымдуулук негизде аз пайыз менен берилет.

— иштетпей лицензияларды жөн гана басып жаткан компаниялардын лицензиялары кайтарылат. Бүгүнкү күндө да кайтарып жатабыз бир топ лицензияларды.

Муну менен инвестиция тартуу үчүн бош объекттердин санын көбөйтө алабыз.

— геологиялык чалгындоо иштерин – биринчиден – оптималдаштыруу, экинчиден – мамлекет өзүбүз жүргүзүү максатында «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасын түздүк.

Бул мыйзамдардын бардыгы тоо кен тармагын өнүктүрүү менен бирге “Кумтөр” кени боюнча Центерра менен эсептешүүгө да өбөлгө түзөт.

Чет өлкөлүк компания тарабынан Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздуктун нормаларын одоно бузгандыгы үчүн, Кумтөр кенине 17-майдан тартып убактылуу тышкы башкаруу киргиздик.

Лондондогу Баалуу металлдар рыногунун ассоциациясы “Кыргызалтын” ишканасын ишенимдүү компаниялардын тизмесинен чыгарып салгандыгын билдирип, LBMA биздин алтынды биржага чыгаруудан баш тартты.

Эми алтындарыбызды сата албай калабыз деп ызы-чуу салып жатышты эле мен эч кам санабаңыздар деп ошондо эле айткам.

Алтынды сатып алам дегендер көп.

Алтын эч качан жерде калбайт.

Казып жатабыз, каза беребиз.

Эч ким тоскоол боло албайт.

Centerra өзү да Кумтөр кени мындан ары ага таандык эмес экенин моюндап жатат.

Centerra Gold Inc. компаниясы өзүнүн баланстык наркынан 926 млн. долларды эсептен чыгарып, бизнес-операциянын токтогондугун, аны менен Кумтөр кенине көзөмөлдү жоготконун билдирүүгө аргасыз болду.

Кыргызстанды кул кылуучу келишимдер жана алардын бузулушу эл аралык коомчулуктун мамилесине көз каранды кылышы – бизди колу-бутубуздан байлап турган.

Биз “Кумтөрдөн” күчөгөн вертикалдык коррупцияга каршы күрөштө

эл аралык соттор менен соттошкондон коркпой калдык.

Ал түгүл, эл аралык сотторду жеңе баштадык”, — деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүнкү жыйында министрлер кабинетинин 2021-жылдагы аткарган ишинин отчету угулуп, ошондой эле министрлер кабинетинин 2026-жылга чейин Кыргызстандын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруунун иш-аракеттер планы каралууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button