Кылмыш-кырсык

УКМК жасалма ПЦР-тесттерди даярдаган каналдын ишине бөгөт койду

Жасалма ПЦР-тесттерди даярдаган каналдын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жана чет мамлекеттердин диагностикалык лабораторияларынын QR коддору менен коронавируска ПЦР-тесттин терс жыйынтыгы тууралуу жасалма электрондук сертификаттарды даярдоо жана таратуу боюнча мыйзамсыз канал аныкталды.

Бул мыйзамсыз схеманын негизги катышуучуларынын бири катары Кыргыз Республикасынын К.А.А. аттуу жараны аныкталып, кармалды. Анын смартфонун текшерүүдө мекендик жана чет элдик диагностикалык лабораториялардын белгилүү тармактарынын бир миңден ашык жасалма электрондук сертификаттары табылган.

Чогултулган материалдар кармалган жаран менен бирге андан аркы процессуалдык аракеттерди көрүү үчүн ички иштер органдарына өткөрүлүп берилди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин органдары диагностикалык лабораториялардын кызматкерлеринин өздөрүнүн кылмыштуу аракеттерге катышуусу мүмкүндүгүн текшерүүгө, жана ошондой эле жасалма ПЦР-тесттерин өндүрүү жана таратуу мыйзамсыз аракеттерге катышкан башка бардык адамдарды аныктоого жана жоопкерчиликке тартууга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.

КР УКМК расмий документтерди жасалмалоо, сатуу, даярдоо жана пайдалануу мыйзамда белгиленген кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келерин эскертет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button