Коом

Окумуштуулар дүйнөдөгү эң жагымдуу жытты аныкташты

Окумуштуулар дүйнөдөгү эң жагымдуу жытты аныкташты. Бул тууралуу “Current Biology” илимий журналындагы басылмага таянуу менен “Science Daily” билдирди.

Эң жагымдуу жыт деп  ваниль таанылды. Экинчи сапта шабдалы жыты турат. Эң жагымсыз жыт изовалер кислотасынын жыты болгон. Ал сыр, соя  жана алма ширеси сыяктуу тамак-аш азыктарында кездешет. Бул ингредиент буттун теринде да кездешет.

Окумуштуулар ар кыл улуттун өкүлдөрүнөн турган 235 адам катышкан изилдөөнүн жыйынтыгында ушундай жыйынтыкка келишкен.

Ошону менен катар окумуштуулар, маданияттын адамдарга жаккан даамдарга эч кандай таасири жок экенин аныкташкан. Мунун баары молекуланын түзүлүшүнө жана жеке каалоосуна байланыштуу экенин ачыкташты.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button