Саясат

Митингге чакырылгандар Таласта болуп, жылкынын этине тоюп Бишкекке кайтышты

 Биздин оппозиция барган сайын эшиктин алдында отуруп ушак айткан байбичелерге окшошо баштады. Алар бийликти ар тараптан сындап, бирок ордуна  алгылыктуу эч нерсе сунуштабайт.

Муну алардын “кесиптештери” – азыркы бийликтин экинчи тарабында тургандар да айтышууда. Бир күн мурун Таласта “а-ля оппозиция” той флешмобу өттү. Маалыматка ылайык, алар облуска митинг өткөрүү үчүн барышкан, бирок күтүүсүздөн «ойлорун өзгөртүшкөн».

Неге? деген суроого “Наразычылык” кербенинин башкы координатору Равшан Жээнбеков мындай деп жооп берет:

«Оппозицияда болуу абдан кыйын. Жаштар жок. Жаңы жаштар келгенге чейин биз бийликтеги бардык катачылыктарды, адилетсиздиктерди калкка айтабыз”.

Жээнбековчулардын оппозициялык десантына Исмаил Исаков, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Макен Абылов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Бектур Асанов, Кубан Кадыров, Канат Исаев жана Рыскелди Момбековдор да бар. Ооба, кээ бир ысымдарды сиз биринчи жолу угуп жатасыз. Бирок, атүгүл  арасындагы белгилүү саясатчылар  — мурда бийликте болгондор да артында ЖМКларда бир-эки макала жана ЖК сайтындагы архив барагынан башка эч кандай жакшы из калтырышкан эмес.

Нурбек Токтакуновдун айткан пикиринде негиз бар, ага кошулсак болот: “2005-2010-жылдардан бери өзгөрбөгөн элдин риторикасы. Ал жерге чогулгандардын арасында оппозициялык күч жок”.

Биздин өлкө – башка өлкөлөр сыяктуу – бийлик менен коомду тең салмактоо үчүн сөзсүз түрдө оппозицияга муктаж. Өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн конструктивдүү аракет болушу керек.

Эми Жээнбеков жана анын командасы Бакиевдердин күчү менен кайтып келүү жана реабилитациялоо темасын, чуулгандуу казино мыйзамын ойлоп, өздөрүнүн кураторлорунун акчасын иштетип, чынчыл, жана сатылгыс “Апрель Баатырларынын” колдоосун алууга аракет кылып жатышат. Анткени алар элдин өзүнүн колдоосуна ээ эмес.

Жалпысынан, мунун баарын цинизм деп бааласак болот. Убагында Бакиевди каржылык жана административдик жактан колдоп келген АКШ азыр Бакиевге каршы риторика менен нааразылык акцияларына демөөрчүлүк кылууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button