Коом
«Кара-Кечеден» көмүр ташуу августта башталат
«Кара-Кечеден» көмүр ташуу иштери август айынан башталат. Бул тууралуу «Кыргыз көмүр» ишканасы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, «Кара-Кечеден» жеке көмүр ташыган айдоочулар көмүрдү августтан тарта ташып баштайт. Ал элге жана Бишкек шаардык ЖЭБине берилет.
Учурда «Кара-Кече» көмүр кенинде 150 миң тонна көмүр ачылып, даяр турат.
«Көмүрдү кампалардан сатып алса болот. Учурда «Кыргыз көмүрдүн» кызматкерлери элди көмүр менен камсыз кылуу үчүн күнү-түнү иш-аракеттерди жүргүзүүдө», — деп айтылат мекеме берген маалыматта.