Байкабай айтып алып, артынан өкүнүп калуу дегенди бүгүн көргөн окуя дагы бир ирет далилдеди. Негизи ушундай адамдарды кудайым деле атайын жаратат сыяктуу, башкалар сабак алсын дейби.

Жайкы каникулда балдарды эс алсын деп бассейнге алып бардык. Улуу балам атасы менен тереңирээк жагына кетишти. Биз кызым экөөбүз тайызыраак жагына түштүк. Суунун ичинде жаш балдар апалары  менен жүрүшкөн. Ошолордун арасында жашы 40ты чамалган узун бойлуу бир эркек киши кызын сууга түшүрүп, колунан кармап, сүзгөндү үйрөтүп жатты. Аңгыча сырттан эки кызын ээрчитип орто жаштагы эже келип кошулду биздин катарга. Айланасын бир ирет кыдырата карады да:

— Ай жигит, бул жер сен түшө турган жер эмес, уялбайсыңбы кыз-кыркындын арасында сууда жүрөсүң! Эркексиңби, бар эркектерге кошул! Бет деле калбады азыркы эркектерге, эптеп келиндерге жакындаса болду, — деп сүйлөнүп кирди.

А киши эжеге көңүл да буруп койгон жок. Кызына карап, жылуу сүйлөп, башын жөлөп, колунан кармап сууда сүзгөндү үйрөтүп жатты. Албууттанган эже басылар түрү жок, айланасындагы башкалар менен да урушуп жатты.

Арадан убакыт өтүп, жээкте күзөттө турган кароолчунун ышкырыгы жаңырып, “суудан  чыккыла, бир саат өттү, эс алгыла” деп кыйкырды.

Чурулдаган жаш балдар менен чогуу баарыбыз суудан чыктык. Баягы кызын суу ичинде жетелеп жүргөн киши колуна кызын көтөрүп суудан чыгып келе жатты. Ошол мезгилде кызды көрүп, көзүмө жаш толуп, тамагыма катуу нерсе туруп калды, өзүмдү араң кармадым.

Супсулуу жашы 12–13 төрдү чамалаган кыздын буттары тизеден ылдый кесилиптир. Атасы ары жакта турган коляскага кызын отургузуп, сүлгү менен ороп жатты. Байкуш ата ысыкта кызым сууга түшүп сергисин деп алып келген тура. Ал аңгыча арыракта отургучта отурган кыздын апасы келип, кийимдерин которгону кийинүүчү бөлмөгө алып кетти.

Кароолчу байке кызга карап:

— Пока Айдана, эртең да келесиңби? – деп кол булгалады.

Кыз жылмайып карап баш ийкеди.

Кыздан артынан карап турган кароолчу байке:

— Молодец, ата деген ушундай болот, күндө кызын алып келип сууга түшүрүп кетет. Авариядан кийин бутун кесишиптир, — деп жанында турган бизге айтып жатты.

Ал эми, жанагы  албууттанып, азыр эле тигил кишини суудан алып ыргытчудай болгон эже, оозунан сөзү түшүп, башы жерге салынып калыптыр. Мен эле эмес, окуяга күбө болгондор баары эжени карап, “эси жок аял, байкабайбы” деген сөздү көзүбүздөн окуп турду.

Жазгүл Баяналиева

 Бул баян “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.