Коом

Министр Алмазбек Бейшеналиев убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Бишкектеги убактылуу кармоо жайына киргизилгенин ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Кармалган министрдин баш коргоо чарасы жакынкы күндөрү сот органдары тарабынан аныкталат.

Буга чейин министр ири өлчөмдө (110 000 доллар) пара алып жаткан учурда кармалганы айтылып, ал учурдун видеосу да жарыяланган. ИИМ Ата мекендик ЖОЖдорго чет өлкөлүк студенттерди кабыл алууда пара талап кылуу фактысы боюнча тергөө жүрүп жатканын кошумчалаган.

«Пара алуу фактысы ар тараптуу, дыкат жана акыйкат иликтенүүгө алынып, иштер жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчы Садыр Жапаров Бейшеналиевдин кармалганынан кабардар экенин айтып, аталган иш ар тараптан иликтенерин белгилеген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button