Кылмыш-кырсык

Бишкекте депутаттын жашы жете элек кызы жол кырсыгына кабылды

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Руслан Шаршенбай уулунун жашы жете элек кызы жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдиришти.

«Ишемби күнү, 29-октябрь күнү кечинде Шукуров көчөсүн жана башка жанаша жайгашкан көчөлөрдү бойлой ак джип катуу ылдамдыкта келе жаткан. Бир убакта жол жээгинде турган кошунабыздын машинасын сүзүп алды. Алгач алар айдоочуну мас абалында деп ойлошкон. Бирок унааны кошунабыз БШКнын депутаты Руслан Шаршенбай уулунун кызы айдап жүргөн экен. Кыз болгону 15 жашта. Саат болжол менен 20.00-21.00. Көчөдө көп адамдар, анын ичинде балдар да болгон. Эч ким жабыркаган жок «, — деди окуянын күбөсү.

Шаардык кеңештин депутаты окуя болгондугун тастыктап, кошунага келтирилген чыгым калыбына келтирилгенин белгиледи.

«Биз үйдө жокто ал кыз сурабай эле машинасын алып, минип кеткен. Кырсык кылды. Кызым менен сүйлөштүк. Бул кайра болбойт. Келтирилген зыяндар калыбына келтирилди», — деди ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button