Коом
21-ноябрга карата аба ырайы
Бүгүн, Талас, Ош, Баткен облустарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө +6…+11,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +7…+12,
Ысык-Көл чөлкөмүндө +2…+7,
Талас жергесинде +4…+9,
Нарында -3…+2 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте жана Ош калаасында +8…+10 градуска жетет.