Коом

Баткенде жол сакчылары окуучулар менен жолугушуп, жолдо жүрүү эрежелерин түшүндүрүштү

Баткен ОИИБи боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан Кадамжай районундагы мектеп окуучуларына «Коопсуз жол» аталышындагы иш-чара өткөрүлдү. Анын алкагында жолдо жүрүү эрежелерин талкуулоо боюнча ачык сааттар уюштурулуп, Жол кыймылынын эрежелерин сактоо, жолдо жүрүүдөгү коопсуздук чаралары боюнча кенен түшүндүрмө берилди. Окуучулар да бул иш-чарага активдүү катышышып, жол сакчыларына кызыккан суроолорун беришти.


Андан сырткары билим алып жаткан башталгыч класстардын окуучуларына жолдо жүрүү эрежелерин сактоого үйрөтүү боюнча сабактар өтүлдү.

Баткен ОИИБи боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button