Коом

Кыргызстанда быйыл 100 өнөр жай ишканасын ишке киргизүү пландалууда

Кыргызстанда 2023-жылы 100 өнөр жай ишканасын ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин коллегиясында министрдин орун басары Айнура Үсөнбекова билдирди.

Ошондой эле Үсөнбекова Кыргызстанда бизнес долбоорлордун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу жана потенциалдуу инвесторлордун кредиттик тобокелдигин азайтуу максатында Долбоордук кеңсе түзүлгөнүн белгиледи.

«Бүгүнкү күндө Координациялык кеңеш 3 долбоорду, дагы 4 облуста канаттууларды өстүрүү, сүттү кайра иштетүү жана сүт азыктарын өндүрүү тармагында 10 долбоорду, Бишкек шаарында медициналык борборун, спорт комплекстерин куруу өнүктүрүү институттарына өткөрүп берди, химиялык өнөр жай өндүрүшү иштелип жатат жана марттын аягына чейин даярдалат», — деди ал.

Үсөнбекованын айтымында, быйыл Кыргызстандын өнөр жай тармагындагы инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү боюнча иштерди жандантып, жаңы ачылган, модернизацияланган жана реконструкцияланган ишканалардын санын 100гө жеткирүү пландалууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button