Коом

Жол маал-маалы менен жабылат. Бишкек-Ош трассасындагы кар көчкүлөр атайылап түшүрүлөт

Бишкек-Ош трассасынын кооптуу аймактарындагы кар көчкүлөр атайылап түшүрүлөт, ага байланыштуу жол маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомстводон кабарлашкандай, карды артиллериялык жабдыктарды колдонуу менен атайылап түшүрүү иш-чарасы 16-марттан 21-мартка чейинки аралыкта жүргүзүлөт.

Кар көчкү мажбурлап түшүрүлө турган тилкелердин тизмеси:

— Бишкек-Ош унаа жолунун 132-135-чакырымы (Чүй облусунун Жайыл району – «Төө-Ашуу» ашуусу);

— Бишкек-Ош унаа жолунун 198-чакырымы (Чүй облусунун Жайыл району);

— Бишкек-Ош унаа жолунун 209-255-чакырымы (Жалал-Абад облусунун Токтогул району – «Ала-Бел» ашуусу).

ӨКМ жолдор маал-маалы менен жабыла тургандыгына байланыштуу айдоочуларга кайрылып, абалды түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.

Кырсык катталган учурда жана унаа жолдогу абал боюнча «112» бирдиктүү номерине байланышыңыз. Байланыш акысыз жана күнү-түнү иштейт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button