Дил маек

«Жашоо — жүрөк кагышы менен …»

Келечек-ишибизди илгерилеп, коомго кызмат өтөп, бакытка балкыган учур болот экен. Ошондо ишмердүүлүгүң кимдир бирөөгө пайда келтирсе, бактың ошол. Дарыгерлик кесип-гумандуу кесип Бейтаптын көзүнө тигилсең жаш баланыкындай баёолукту байкайсың. Ошол көздөрдү кантип алдоого болот?! Себеби үмүттү чакырган көздөр . Мына ошол үмүт өчпөгөн каректерге дем берген каарманым тобокелчиликке кантип барды, анда эмесе сөз башынан болсун.

Бейтаптын үнү

Ажал менен кармашуу кандай экенин операциялык чыракка көзү чагылыша түшкөн бейтап гана аңдап билбесе. Бул чыракка кандай көздөр тигилбеди дейсиң. Чырактар жаркыраганы менен кайра бир ирет ошол жарыкты көрүү насиби кайра болобу же жокпу жалгыз Жараткандын буйругу. Дартты сурап албайбыз дейт го, ушул сынга кабылгандар кандай көтөрө алат аны айтуу кыйын. Арасында көзү өтүп кеткендер да жок эмес. Менин абалымда дагы бул жолго барсаң атың өлөт, бул жолго түшсөң өзүң өлөсүң деген тандоо жолу турду. Бир гана ишеним Жараткандан, андан соң өмүрдү Дамирдин колуна тапшырдым.

«Bicard Clinic»кардиологиялык клиникасынын башкы дарыгери, кардиолог жана инвазивдик аритмолог, Саламаттык сактоонун мыкты кызматкери төш белгиси, «Даңк » медалынын ээси Дамирбек Осмонов:

«Жашоо — жүрөк кагышы менен …»

— Ар бир инсандын өзүнө таандык күн тартиби болот эмеспи. Анын сыңары, клиниканын башкалардан өзгөчөлөнгөн күн тартиби кандай?

— «Bicard Clinic» клиникабыздын өзгөлөрдөн өзгөчөлүгү иштөө күн тартиби 7/24. Мындай максат койгонубуз себеби инфаркт көбүнчөсү түнүчүндө болот. Кээде оор акыбалда түшкөн бейтапка күтүүсүз операция жасоого туура келет.

Адам жүрөктү башкарып алуусу мүмкүнбү, мисалга толкунданууну басаңдатууга?

— Жүрөктү толугу менен башкарып алуу мүмкүн эмес. Адамдын ой жүгүртүүсү, сезими, туйгусу, гормондор жүрөктүн кагуусу менен биргеликте иштейт. Эрктүү адамдар гана толкундоону, ачуусун басаңдата алуусу мүмкүн.

— Жүрөк оорусуна жөө жүрүш сунушталат экен. Жөө жүрүштүн башка органдарга дагы пайдасы канчалык?

— Жөө жүргөн адамда кыймыл болот. Адам баласынын жашоодогу вазыйпасы кыймыл-аракет менен байланышкан. Жөө жүрүштүн пайдасы кан айланууну калыпка келтирет, кант диабетин, кан басымын түшүрөт, инсульт, инфарктты алдын алат жана муун булчуңдарды чыңдайт.

— Сиздин ишмердүүлүктөгү жаңы ачылыштарга токтоло кетесизби…

— Былтыры уникалдуу чоң ачылыш жасалды десем туура болчудай. Бизге түшкөн бейтаптын каны коюуланып, уюган кан клапандын үстүнө туруп калыптыр. Уюган канды алынсын деп хирургдар га жиберсек баш тартышты. Дүйнөлүк практикада уюган кандын көлөмү бир сантиметрге чейин болсо анда канды суюлтууга уруксат. Бирок бул бейтапта уюган кандын өлчөмү кыйла чоң: узундугу 2 см, туурасы 1 см 7 мм эле. Мындай учурда Американын дагы, Европанын дагы уюган кан 1 сантиметрден ашса анда операцияга жиберилет. Себеби уюган канды суюлта турган терапияны баштаган учурда тромб толук эрий элегинде эле калган бөлүгү кан менен туура эле мээге барат. Мындай уюган кан мээге жетчү болсо анда жүрөктү дарылайбыз деп жатып, беййтап аябай чоң инсульт алып калуу коркунучу бар. Андыктан көкүрөк кеспестен оң жана сол жактагы мээге кетчү күрөө тамырга чыпка коюп, эки сааттын ичинде чоң тобокелдикке барып, тромб эритүү менен бейтапты аман алып калдык. Мындай алып караганда бул жөнөкөй эле ыкма, бирок тобокелге баруу кооптуулугу дагы бар болчу. Бул ачылыш дүйнөдөгү биринчи ачылыш деп аталык дүйнөлүк журналдарга басылып чыкты. Мындан бир топ жыл мурун илимий макалаларда ушул теманы козгоп чыкканбыз. Жакынкы аралыкта чет өлкөдөн каттар, чакыруулар келе баштады. Барселона, Франция, Грециядан чакырууларды кабыл алып жатабыз. Ушундай эле операция дагы эки бейтапка жасалды.

— Чет жака көп чыгасыз. Алардын иштөө ыкмасы айырмачылыктары жана окшоштуктары…

— Чет өлкөдө кайсы кесиптин ээси болбосун, мамлекет шарт түзүп, кем-каржысын толуктап берет. Окшоштугу бардык жерде деле кемчиликтер болбой койбойт.

— Операциялык столдогу кардиохирург — музыка кайрыктарын ойногон маэстродой деп бир кардиологдун айтканы бар. Сизде кандай сезим?

— Чындыгында симфониялык оркестрди башкарган дирижёр дейбизби же маэстро дейбизби, бейтаптын өмүрү, арткан жүгү кардиохиргдун колунда. Операциялык столдо жаткан бейтапка жакындаганда «бысмылданы» айтып, Жараткан сенин колуңда, биз жөн гана себепкербиз деп баштайбыз. Ийгиликтүү өткөн операция кубантат, чоң эрдик жасагандай сезим калтырат.

— Жан дүйнө кай тарапта жайгашуусу мүмкүн?

— Жан дүйнө мээ менен жүрөктүн ортосунда жайгашкан.

— Кардиохирургдун мээси күтүүсүз нерселерге ылайыкташуусу шартпы?

— Бир гана биздин кесипте эмес, бардык кесипте күтүүсүз жагдайларга даяр туруу керек. Бир бейтап менен 7-12 саат убараланып ал жакшы болуп кетсе, жардамым, пайдам тийиптир деп сүйүнүп каласың. Чарчооң унутулат.

— Чарчоо демекчи, организмдин эң татаал жана коопту жүк жүрөктө болгондуктан кардиологдун убактысы жыш дешет. Чарчоонузду кантип алдайсыз?

— Туура, биздин кесип ары татаал , ары кызыктуу. Ар бир бейтаптын оорусун жан дүйнөң менен кабыл аласың. Чарчоомду өмүрлүк жардын жаркын кабагы, балдарымдын күлкүсү, досторумдун жакшы сөзү, апамдын эркелетүүсү жоготот.

— Журналистке иш тапшырсаң ачка калтыр деген кызык маалыматты окугам, дарыгерге иш тапшырууда эмне керектелет?

— Дарыгерди ачка калтыруу деле шарт эмес. Дарыгерге иш тапшырсаң, анын акылына алгач эле адам өмүрүн сактап калуу оюу кылт этсе керек.

— Адамдын кандай экенин билгиң келсе, кызыккан китебин сура дейт…

— Албетте, адабият айдыңында Айтматовдон сөз баштайбыз. Анын гумандуулукка, адептүүлүккө чакырык жасаган чыгармалары, Төлөгөн Касымбековдун тарыхты таасын чагылдырган романдары, Мурза Гапаровдун жашоо чындыгынан алынган керемет чыгармаларын китепканалардан кууп жүрүп окуп чоңойдук. Тарбияны адегенде атаң, апаң берет, андан соң окуган китебинден аласың деп улуулар айтып калат. Адам болуп калыптанышына китептердин да салымы бар. Азыр эми илимий медициналык китептерге басым жасап, илимий иштер менен алекпиз.

— Спорттун кайсы түрүнө жакынсыз?

— Сууда сүзүү жана футбол.

Жүрөктү аяш керекпи?

— Албетте аяш керек. Жараткан бизге дене мүчөбүздү аманат кылып тапшырган соң, бир гана жүрөктү эмес, бардык дене мүчөбүздү аяшыбыз керек.

— Өлкөбүзгө аба менен суудай керек болгон дагы эмне зарыл?

— Билим, билим жана билим. Өз өлкөсүнө берилип кызмат кылган кесипкөйлүк зарыл. Кадрды туура тандоо. Ошондо гана ирээтке келип, калыпка түшөт. Бекеринен кыргызда чымчык сойсо да, касапчы сойсун дегендир.

Мен апамды кут төгүлгөн үй десем, атам анын кармап турган түркүгү деп акын Сооронбай Жусуевдин курч сөздөрү менен атаңыздын орду канчалык экенин билгибиз келди…

— Ата сизди канчалык жакшы көрөөрүңүздү бала кезде элес албасам дагы, өзүм ата болуп турганда билдим деп өзүңүзгө эскертким келет, ата деп айткым келет , арман дүйнө!.. Менин тикеден тик турганыма бирден бир себеп атам Асилбектин барлыгы болчу. Эки жыл мурун атамды жоготкондо аркамда жөлөк болуп турган тоом кулап, аскам урады. Атасыз тик турууну эми-эми үйрөнө баштадым. Атамдан калган боштукту эч ким толтура албайт. Убакыт дарылайт деген жөнеле сөз, убакыт дарылабайт, ал тек гана жараатты басаңдатат экен. Ал эми апамдын мээриминде чек жок. Атамдан тайманбастыкты, адилетсиздик менен күрөшүүнү, максатка жетүү үчүн тынымсыз аракетти жана тууган урук менен катташууну үйрөндүм. Апамдан сабырдуулукту, тен салмактуулукту, маданиятты жана айлана чөйрөдөгү сага каршы сын пикир жана терс таасирлерге ( негативге) көңүл бурбай алдыга жылууну үйрөндүм.

— Патриоттуулук сиздин баамыңызда

— Бул сөздү чечмелөөдөн мурун жоопкерчилигин, жүгүн көтөрө билүү керек. Кыргыз болуп төрөлүүм чоң сыймык. Кыргыз санжыра сүрүштүрүп келген-эл. Атанын уулу дегендин өзү — патриоттуулук. Ата баркы, ата кадыры, ата кеби, ата насаатын алган уул эч качан кем болбойт. Азыр мага атамдын айткан насааттары жетпей турат.

— Журналисттерге койчу дооматыңыз барбы, алар эмнеден аша чаап, эмнени унуткарып жатышат…

— Акыркы убактарда аша чапкан жагдайлар жок эмес. Бир гана журналисттик кесипте, же дарыгерлерде эмес, баарына тиешелүү деп айта кетсем, куру доомат, жалган жалаа, болуп көрбөгөндөй негативге толгон жашоону көндүм адат кылып алдык. Дарыгерлер бейтапка туура эмес диагноз койсо жоопко тартылат, айрым журналисттер жалган жалаа жапса жазаланбай калганы кейиштүү. Калыс сөзүн сүйлөп, туура, далилдүү маалымат таратышса, өлкөбүз дагы алдыга жылат беле деген үмүт арталы.

Динара Асылбекова

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button