Дил маекКоом

Бакыт Рысбеков: Равшан Жээнбеков айткандай эмес, Жазаларды аткаруу тутумунда катаал кыйноолор каттала элек

Акыркы күндөрү коомчулукта Кемпир-Абад боюнча камактагы саясатчылар начар шартта кармалып, кыйноолорго кабылып жатканы айтылууда. Бул маселе боюнча биздин редакция Кыйноолорду алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун директору Рысбеков Бакыт Токталиевич менен байланышып, кармоо жайларынын учурдагы абалы жана ал жерлерде иштеген кызматкерлер тарабынан камактагыларды кыйноолор болуп жатабы деген жана башка суроолорго жооп алдык.

Бакыт Токталиевич, акыркы кездерде Кемпир-Абад боюнча абакта отургандар ал жакта кыйноолор болуп жатканын айтышууда. Дегеле, абакта отургандарга кандай кыйноолор болушу мүмкүн, кыйноо деген эмне, камалгандардын айткандарында чындык барбы, ушул тууралуу айтып берсеңиз?

— Саламатсыздарбы. Негизинен акыркы мезгилди айталы. Жазаларды аткаруу тутумунан жана ал жактагы кызматкерлери тарабынан бизге кыйноо болду деген арыз түшө элек. Ооба, жазаларды аткаруу тутумуна келген жарандар бизге кыйноо фактылары боюнча кайрылышат, бирок ал кыйноо фактылары жазаларды аткаруу тутумуна түшкөнгө чейинки фактыларды камтыйт. Жазаларды аткаруу тутумунда, бүгүнкү күндө катаал мамиле кездешерин айтып келебиз. Ал эми кыйноо деген эмне деген сурооңуздар боюнча, эгер мүмкүн болсо мен БУУнун Кыйноолорго каршы Конвенциясынын 1-беренесин толук окуп берейин. Өзүңүздөр билесиздер, БУУда жумушчу алты тил бар. Ошонун бири орус тили, а орус тили бизде расмий тил. Андыктан, мен кандайдыр бир жол менен бурмаланып же өзгөрүп кетпеши үчүн Конвенцияда кандай көрсөтүлсө, расмий тилде ошону толугу менен окуп берейин:

Для целей настоящей Конвенции определение «пытка» означает любое действие, которым какому-либо лицу умышленно причиняется сильная боль или страдание, физическое или нравственное, чтобы получить от него или от третьего лица сведения или признания, наказать его за действие, которое совершило оно или третье лицо или в совершении которого оно подозревается, а также запугать или принудить его или третье лицо, или по любой причине, основанной на дискриминации любого характера, когда такая боль или страдание причиняются государственным должностным лицом или иным лицом, выступающим в официальном качестве, или по их подстрекательству, или с их ведома или молчаливого согласия. В это определение не включаются боль или страдания, которые возникают лишь в результате законных санкций, неотделимы от этих санкций или вызываются ими случайно.

Бул аныктамага таянсак, кыйноо болду деп айтыш үчүн жогоруда айтылган белгилери, далилдери менен болууга тийиш.

Эми бул жерден сиздердин сурооңуздарга кайрылалы. Биз СИЗО 1ге кирип, жогоруда сиздер белгилеп кеткен маалымат болгондон кийин барып, жеринде текшерип көрдүк. Негизги себеп — мурдагы камераларга ремонт болгон деп айтылбадыбы. Чындап эле ошол жакта ремонт болуп жатабы же башкаларды киргизип коюп эле бул жакка тигилерди жылдырып койдубу деп ойлогонбуз. Жок, чындап эле ал жакта ремонт жүрүп жатыптыр. Бул биринчиден. Экинчиден, Жазаларды аткаруу кызматынын өзүнүн ички тартип, эрежелери боюнча камерадан камерага жылдыруу булардын өздөрүнүн иш-аракети. Ага ар кандай себептер болушу мүмкүн. Мисалы, бир камерада отурган кишилердин ортосунда кандайдыр бир пикир келишпестик болсо, аларды эки жакка бөлүп коюшат. Башка да себептер боюнча бөлүшү мүмкүн. Айтор, негиздөөчү себептери болот. Ошондон улам бир камерадан экинчисине жылдырылышы мүмкүн. Бул ал жакта иштеген кызматкерлердин өзүнүн, мындайча айтканда, кызматтык милдеттери жана милдеттүү түрдө, коюлган тартипке ылайык аткара турган иши.

— Кемпир-Абад боюнча отурган Равшан Жээнбеков, Жеңиш Молдакматов, Азимбек Бекназаровдор өткөндө, сот болоор алдында «бизди башкалардан өзгөчө начар шартта кармап, кыйноолор, куугунтуктар болууда» дешти, анын канчалык чындыгы бар?

— Алардын айткандарын уктум. Мисалы үчүн алар, ошол эле Жеңиш Молдакматов, Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков жана башкалар камерадан которулгандыгын жана шарттары начар болуп жаткандыгын айтып жатышпайбы. Ушул жерден мен бир нерсени белгилей кетейин, биз бардык жерде эле айтып, кабарлап жатабыз, буга чейин да канча жылдан бери Улуттук борбор жер төлө, жарым жартылай жер төлөлөрдү колдонбоо боюнча айтып келди. Негизинен жарым жартылай жер төлө катары каралган жайлар биз тараптан талапка жооп бербейт деп бааланат жана аларды колдонууну токтотуш керек. Бул канча жылдан бери келе жаткан көйгөй. Анан аны атайылап, чоң маселе кылыштын кереги жок. Мен болгонун болгондой айтып жатам. Бул атайылап кимдир бирөө үчүн түзүлгөн шарт сыяктуу айтып, коомчулукка таратуунун кереги жок. Бул жылдап-жылдап келе жаткан маселе жана жылдап келе жаткан шарттар. Мына эми буюрса, Министрлер кабинети айтып жатат, ишти дагы башташты, 47-түзөтүүчү калониясы жабылды, эми болсо 1-тергөө изолятору жабылып, бул дагы шаардан сырткары чыгарылат деп жатат. Биз жаңы курулуп жаткан имараттар, тергөө изолятору болобу, түзөтүү мекемелери болобу, эл аралык жана улуттук стандарттарга ылайыкташтырылып анан курулушу керек деп айтып, өтүнүп жатабыз. Ошондой эле ал жаңы курула турган имараттарда жарым жартылай жер төлөлөр, жер төлөлөр болбошу керек деп сунуштадык.

-Учурда абакта жаткан адамдар көп. Ошол эле учурда түрмөнүн ички жазылбаган мыйзамдары да бар. Абакта кылмышты жасаган статьялар боюнча жатышабы же баары аралашпы? 

— Эми бул жерде мен дагы бир көйгөлүү маселени козгой кетейин. Бул криминалдык чөйрөнү өзүнчө субкультура деп коебуз да. Криминалдык субкультура түрмөнүн ичинде кеңири таркаган. Аны бардыгыбыз эле билебиз. Ал жөнүндө түшүндүрүп да кереги жок. Ошол ичтеги субкультуранын өзүнүн таасири болот. Биз муну көп айтабыз. Тергөөчүлөр, соттор, баш коргоо чарасын карап жаткан кезде болор-болбос бир жосундарга же кылмыштар үчүн сөзсүз түрдө эле тергөө изоляторуна киргизип салууну карап, сөзсүз түрдө камап сала беришет. Ошол тажрыйбадан биз кичине артка чегинишибиз керек. Себеп дегенде, мисалы, өтө оор эмес кылмыш жасаган жарандар кайрадан ошол коомчулукка коркунуч келтирбесе, тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук кылбаса, анда баш коргоо чарасын кароодо бизде башка дагы альтернативдүү жолдор бар. Бул күрөөгө алуу чарасы, башка жакка чыкпоо жөнүндө кол коюу чарасы. Ошондой эле үй камагына алуу чарасы. Ошол чараларды колдонуп тергөөнү жүргүзүүгө толук мүмкүнчүлүктөр бар. Бүгүнкү күндө, тилекке каршы, алып барып туруп эле сөзсүз түрдө тергөө изоляторуна камап салууну карайбыз. Негизинен жазаларды аткаруу тутумундагы имараттардын басымдуу көпчүлүгү, акыркы жылдары салынгандарын эске албаганда, тээ 19-кылымда салынган жайлар бар. Бул Кара-Колдогу тергөө изолятору. Ошол эле Оштогу тергөө изолятору — “Камчыбектин түрмөсү” деп айтылып келе жаткан түрмө бар, ал Алымбек Датканын баласы Камчыбек жаткан түрмөнү ошентип атап коюшат экен, ал бар мисалы үчүн. А калгандарынын курулганына бери дегенде 70 жыл болду. Алардын да эскилиги жетти. Экинчиден, ичиндеги шарттар бүгүнкү күндүн талаптарына таптакыр жооп бербейт. Мына ошол жөнүндө айтып жатабыз. Ал эми атайылап бирөө үчүн ушундай шарттарды түздү деген туура эмес, сөздүн ачыгын айтканда.

— Азыркы учурда айрым Массалык маалымат каражаттары аркылуу Кемпир-Абад боюнча абакта жаткандарга катуу кыйноо, куугунтук болуп жатканы жазылууда. Алардын берген маалыматында канчалык денгээлде чындык бар?

— Менин сиздердин кесиптештерге дагы бир өтүнүчүм бар. Мүмкүн болсо, так маалымат бергенге аракет кылышса. Азыр биздеги маалымат боюнча айрым ММКлар кыйноого кабылып атыптыр, 242 киши кыйналып атыптыр деп жазып жатышат. Жок, ошол эле биз өзүбүз жазган маалыматты алсак, бул көйгөй бүгүн эле пайда болгон жок деп биз айтып жатабыз. Дагы кайталап айтып кетейин, бул көйгөй жылдап келе жатат. Болгону, төбөсү көрүнүп калган кишилер ошол жакка кирип, жанагы көйгөйлөр сыртка калкып чыгып калды да. Биздин жылдык баяндамаларды деле карагыла. Биз айтып жатабыз го, 2017-жылдан берки Улуттук борбордун жылдык баяндамаларын карап көргүлө деп. Ошондон деле көтөрүп чыксаңар болот. СИЗО 1 жөнүндө канча какшап келдик. Ага буга чейин көңүл бурулбай келген, мына эми азыр гана ошого өзгөчө көңүл бурулуп, кайра-кайра айтылып жатат. Биздин берген маалыматтардын ичинен айрым ММК өкүлдөрү кайра эле, кечирип койгула, расмий тилди колдоноюн, вырывают из общего контекста жана өзүнө ыңгайлаштырып, айрым бир сөздөрдү “мына мындай деп айтты” деп кайра жар салып коюп жатышат. Эгерде чындап эле кесипкөй болуп, ишти алып бара турган болчу болсок, биз маалыматты кандай берип жатабыз, кандай маани берилип жатат, так ошондой эле чагылдырып койгула. Андай болбойбу, менин телефондорум бүт жерде бар, сайттыбыз социалдык баракчаларыбыз бар, чалгыла, сурагыла, биз бардык суроолорго жооп беребиз. “Бөрк ал десе башты албаш” керек мындайча айтканда.

Маектешкен Назгүл Кушназарова

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button