Маданият

“XVI Эл аралык кыргыз-казак” кош байге айтышынын тандоо туру жыйынтыкталды

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата, алгачкы агартуучу, ойчул, жазгыч акын Молдо Нияз Эрназар уулуну 200 жылдыгына арналган салтка айланган “XVI Эл аралык кыргыз-казак” кош байге айтышында кызыл тилин таңдайга бүлөп, сөз өнөрүнүн кызыгына батып айтышчу 8 акын тандалып алынды.

Алар :

1-Азамат Болгонбаев 70 упай

2- Кубат Тукешов 70 упай

3- Кутман Садыбакасов 70 упай

4-Акмат Султан уулу — 69 упай

5-Асылбек Маратов — 69 упай

6-Баян Акматов — 69 упай

7-Изат Айдаркулова -69 упай

8- Чыңгызхан Кожошов 68 упай

Жалпысынан Республика боюнча тандоо турга 37 төкмө акын катышты. Чыңгызхан Кожошов, Тынарбек Бураев жана Элмирбек Иманалиевтердин упайлары тең чыгып, айтыштын жобосу боюнча жашы улуусу кийинки турга жолдомо алды.

Кара кылды как жарган калыстар сынынан өткөн 8 кыргыз акыны 30-31-августта Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында саат 18:00дө Казакстан, Өзбекстан, Монголия Республикаларынан келген кара жаак кайчы тил, күмүш көмөкөй, бал тилдүү төкмө акындар менен сөз жүйөөсүн тартышып, кан кызытып, жалпы журттун жарпын жазган айтыш курушат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button