Маданият

Чолпон-Атадагы «Рух-Ордо» борборунда «Ак куу көлү» балети көрсөтүлүүдө

Чолпон-Ата шаарындагы «Рух-Ордо» маданий борборунда «Ак куу көлү» балети тартууланууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера балет теарынын чыгармачыл труппасы 1- августтан бери П.И.Чайковскийдин «Ак куу көлү» балетин Чолпон-Ата шаарынын тургундарына жана эс алуучуларга тартуулап жатышат.

Балет башталган күндөн тарта аталган балетти барып көргөн кишилердин саны арбын.

Белгиленгендей, балет күн сайын саат 19:00дө башталууда. 10-август күнү жыйынтыкталат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button