Маданият

Маданият министрлиги кувейттик компания менен бирге тасма тартууга ниеттенүүдө

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев Кувейт мамлекетинин Vidago Art Production (Искусство өнүктүрүү) компаниясынын башкы директору Али Аббас Аль-Наки менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргызстандын туристтик жана маданий кызматташтыгын араб жана Европа өлкөлөрү арасында илгерилетүү үчүн Кыргызстандын тарыхы жөнүндө документалдуу тасманы биргелешип тартуу маселесин талкуулашкан.

Кувейттик компаниянын жетекчиси аталган тасманы тартуу үчүн кыргыз өкмөтү тарабынан каржылык жана техникалык колдоо көрсөтүү зарылдыгын билдирген. Өз кезегинде Иманалиев бул сунушту ар тараптан кароо үчүн министрликтин дарегине дипломатиялык каналдар аркылуу компаниядан расмий кат жөнөтүү керектигин белгилеген.

Ошондой эле ал министрлик Кыргызстандын аймагындагы тиешелүү тарыхый-маданий мурастар камтылган жерлерди кыдырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин кошумчалаган. Жыйынтыгында тараптар маданий кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргызстандын араб мамлекеттеринде таанылышын жогорулатууга басым жасоого макулдашкан

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button