Маданият

Маданият министрлиги “Кылым карыткан кыргыз Ала кийизи” эл аралык кароо-сынак фестивалын өткөрөт

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кыргыз элинин эзелтен муундан –муунга өтүп келе жаткан кол өнөрчүлүгүн сактоо, жайылтуу, кол өнөрчүлүктү жана маданий мурастарынын негизинде чыгармачыл индустрияны өнүктүрүү, кошуна мамлекеттер жана аймактардын ортосундагы маданий-экономикалык байланыштарын чыңдоо жана бекемдөө максатында “Кылым карыткан кыргыз Ала кийизи” эл аралык кароо-сынагын жарыялайт.
Фестиваль 2023-жылдын 15-16-сентябрында Талас облусундагы улуттук “Манас-Ордо” тарыхый-этнографиялык комплексинде өтөт.
Кароо-сынакка өлкөдөгү кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство кызматкерлери, көркөм өнөр буюмдарын өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлер, чыгармачыл индустриянын өкүлдөрү, чакан ишканалар, кооперативдер жана Өзбекстан, Казакстан жана Россиядан ж.б. жактан келген меймандар катышат.
Номинациялар:
“Мыкты ала кийиз”, “Мурас ала кийиз”, “Заманбап үлгүдөгү тушка тартма ала кийиз”, “Текеймат ала кийиз», “Кол өнөрчүлүк боюнча чебер класстар”, “Жаш уздарды тандоо”. Алдыңкы кол өнөрчү номинациялары жана кызыктыруучу сыйлыктар аныкталып, акчалай сыйлык жана дипломдор тапшыралат.
Катышуучуларга болгон негизги талаптар:
— Катышуучуларынын саны чектелбейт;
— Сынакка өзгөчө ала кийизде болгон оюулар, түрлөр, түшүрүлгөн көчөттөр (мисалы жоогазын, бадам) нукура кыргызча сапаттуу жана салттуу көркөм өнөр технологиясы менен жасалган буюмдар коюлушу керек;
— “Мыкты ала кийиз” деп табылган ала кийиздер мамлекеттик музейге тапшырылат;
— Ала кийиздин көлөмү 5 м² жогору, ал эми “Текеймат ала кийизи” 3 м² жогору болушу шарт;
Эскертүү: Синтетика буюмдарды колдонууга тыюу салынат.
Сынактын калыстар курамы көркөм өнөр эксперттеринен, дизайнерлер, тарыхчы, этнограф, илим изилдөөчү жана кол өнөрчүлөрдөн түзүлөт.
Катышуучулардын жол киреси жөнөтүлгөн тараптан каржылануусу шарт.
Кароо-сынак фестивалдын катышуучуларынын жатаканасы, тамак-ашы уюштуруучулар тарабынан каржыланат.
Байланыш: 0312 66-24-04-28, 66-19-47, 0701337789

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button