Коом

Салык кызмат студенттер менен окуучулар арасында конкурс жарыялады. Шарты

Салык кызматы менен Билим берүү жана илим министрлиги биргеликте Кыргызстандагы 10-класстын окуучулары жана бир нече жогорку окуу жайдын студенттери арасында «Салык — мамлекеттин өнүгүшүнө салым» аталышындагы сынак жарыялады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Конкурс жалпы билим берүү уюмдарынын 10-классынын окуучулары жана Кыргыз экономикалык университетинин, Кыргыз улуттук университетинин, Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын, Ош мамлекеттик университетинин, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттеринин арасында өтөт.
Шарт боюнча сынакка катышуу үчүн окуучулар «Салык төлөө өлкөнүн өнүгүшүнө кандай таасир этет?» деген темада эссе, студенттер «Өлкөнүн өнүгүшү жана келечеги үчүн салык төлөөнүн маанилүүлүгү» деген темада видеоролик даярдашы керек.
Бардык материалдар үстүбүздөгү жылдын 27-майына чейин [email protected] почтасы аркылуу кабыл алынат. Мындан сырткары, студенттердин видеороликтери ЖОЖдордун расмий баракчаларына #salykstudent2024 (#салыкстудент2024) хэштеги менен жарыялашы шарт.
Байге фондунан окуучуларга төрт смартфон, жеңишке жеткен студенттерге төрт iPhone жана ноутбук берилет.
Сынак тууралуу толук маалыматты бул жерден алсаңыз болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button