***

Мекен сенин тузуң  таттуу,

Уулдарың азамат!

Төрүң кенен, бийик ашууң,

Куш канаты талыгат.

Тили жүйрүк, көзү өткүр,

Кол сунганы келечек.

Элиң сонун – пейли кенен,

Ыр-күүсү бар керемет.

Кызыл байрак кырка тарап,

Кызы наздуу  Мекеним.

Алмустактан  аяр тутуп,

Аздектеген медерим.

Жылга-жыбыт, кокту-колот,

Ар бир ташың баа жеткис.

Сен экөөбүз киндик туташ,

Жаралгандан эгизбиз!

Ала-Тоодой заңкайышкан,

Карылары кеменгер.

Кагылайын Ата Мекен,

Эсен-аман  боло көр!

***

Мүнөзү бар өзгөрүшчүл элиңдин,

Дагы канча өзгөрүү бар ким билет!?

Уулдарың кашкөй баатыр, эзелтен

Каршылашы кара жандан түңүлөт.

Санжырасы сабак болгон дүйнөгө,

Сенсиң ыйык мойнумдагы тумарым.

Сапарлашсың үлкөн өлкө, эл менен,

Сага болгон таркабас эч кумарым.

Кулаалысы шумкар болуп зымырап,

Пейлиң кенен курамасы журт болгон.

Бар бол, Улуу Кыргыз жери – Мекеним,

Айкөл Манас, атам Кыргыз колдогон!

Таштанбек Чакиев — акын, котормочу. Кыргызстан Жазуучулар союзунун котормо секциясынын башчысы. Маданияттын мыкты кызматкери.