Ооруп турат сезимим,ооруп турат,
Мекенимди бир илдет тооруп турат.
Оо адамдар кимибиз күнөө кылдык?,
Ойлонууга убакыт келип турат.

Көрүп туруп улуулар айтпадыкпы?
Жаман жолдон кайрылып кайтпадыкпы?
Же жаштары эсирип ээ жаа бербей,
Улуулардын изинен баспадыкпы?

Ата энени укпаган балдар өстү,
Акыл эсти сыйлабас жандар өстү.
Акча менен байлыкка башын ийип,
Эли -жерин ойлобос хандар өстү.

Бирин -бири көралбас берендери,
Билимсиздик чөйрөсү тереңдеди.
Көрүп турган адамды көргө теңеп,
Көкүрөгү караңгы,жок эртеңи.

Аталардын тилегин актадыкпы,
Бабалардын батасын сактадыкпы?
Канын төгүп кылымдар сактап келген,
Кыргыз жерин Катыгүн сатпадыкпы!

Оо туугандар,адамча калалыкчы.
Бир кылчайып өзүбүздү табалыкчы.
Эсиң барда эл болуп,оруну бар,
Кеч болбосун,этекти жабалыкчы.

Ар бири адам күнөөсүн билип турса,
Жан дүйнөлөр жаркырап ийип турса.
Жаратылыш жазасын кечээр беле?
Адамдарда,адамдык бийик турса!

Оо адамдар, күнөөнү сезебизби?
Жакшы ойлоп,тилекке жетебизби?
Же баш ийип жазанын өкүмүнө,
Өкүнүчтүү өмүрдөн кетебизби?