Социалдык тармактар коомго чоң күчкө ээ болуп келет. Өлкөдөгү акыркы окуяларга байланыштуу жарандык коомдун жасаган кайрымдуулук иштерин ЖМКлар эмес, дал ушул соцтармактын колдонуучулары коомчулукка жеткирип жатышат. Биздин маалыматтык порталда кайрымдуулук иштерин такай чагылдырып туру максатында блогер-блок рубрикасын ачтык. Эмес, алгачкы макаланы өзгөртүүсүз сунуштайбыз.

Инаят Ниматова, жеке ишкер, коомдук иштер менен да алектенген жарандык активист:

Эрнисти мурда жакындан таанычу эмесмин, ФБ да достугумда жок экен. Менин жазып атканым пиар эмес!!! Эрнис пиар эмес короновирус менен да иши жок экен!!! Өзүнүн акчасы түгөнгөндөн кийин, кыргызымдын кайдигер эмес мырзаларына кайрылып, жалгыз бой энелерге жардам берип жүргөнүнө күбө болдум. Бир күн кечке жанында жүрдүм, өзү да эч нерсе жебеди, маанайы да жок жүрдү, телефону такыр тынбады, жардам, акча сурап чалып атышты. Баарына бир башкача мээримдүүлүк менен жооп бергенден да тажаган жок. Ата-энеси кыжаалат болушуп,  — Этият бол балам — деп чалышса,
Менде баары жакшы ойлонбой, өзүңүздөрдү жакшы караныздар  — деп, эстеп кетип, колуна антисептик чачып койду…
Биз барган ар бир кыргыз кызынын турмуш-тагдырын жүрөгүнөн өткөзүп атты. Акырында 4чу баласын төрөп, төрөт үйүнөн жаны чыккан күйөөсү каза болуп калган келиндикине барып кайтканыбызда аябай жаман болду,  бир топ узап кеткенбиз, машинаны кайра буруп, токтоп калды…
— Жанымда 1000 сом акча бар, кайра барып, ошону берип келели — деди, кайра ойлонуп,
— Эртен эт алып келип берейин, ошондо  акча да берем, анын үстүнө саат да 18.30 болуп калды коменданттык саат башталганча сизди үйүңүзгө жеткирип, өзүм да үйүмү жетип алайын — деди….
Сураныч!!!
Негатив жазбаныздар!!! Мактабаныздар дагы, байкадым Эрниске мактоонун да кереги жок экен! Мүмкүн болсо батаныздарды берип коюнуздар! « Бата менен эр көгөрөт»!!! Азыркы күндө Эрнис билинбеген менен жалгыз өзү 100 эркектин жүгүн мойнуна алып алыптыр!!!
Алтын башын аман болсун!!! Кылган жакшылыктарын Аллахымдан эселеп кайтсын!!
Сендей март мырзалар арка- жөлөк болуп турганда,  бүгүнкү кыйынчылыктарга туруштук берүү бир топ эле жеңилдей түшөт экен!!!

P.S Эрнистен жардам сурап жазгандардын саны 3000ден ашык экен, кантип жетишет анын баарына? Балдарым менен 3 күндөн бери ачкамын деп чалып аткандар болуп атты…