Чечтим дагы жаман ойдун түймөсүн,
Саздан сууруп үмүтүмдүн күрмөсүн…
Бул күндөрдү жакшылыкка жорудум,
Ыраак таштап санаалардын дүйнөсүн.

Араладым жан дүйнөмдүн бакчасын,
Тизмектедим максатымдын канчасын.
Аткарыла турган иштер толтура,
Жаратканым бул апааттан сактасын.

Макул болуп жүрө бербей сыйлашып,
Таразага салып баарым, сындашып…
Жан дүйнөмө жасап жатам төңкөрүш,
Өзүм менен өзүм бүгүн сырдашып.

Өзгөрттүм да жакшылыкка оюмду,
Арууланып улап жатам жолумду…

Нуржамал Калмаматова, акын, журналист, Кыргызстан Жазуучулар Союзунун мүчөсү