ӨКҮНҮҮ…

292

Көп болуптур эстесем.., көп болуптур,
Уулум менен сүйлөшпөй калганыма.
Кымкуут түшкөн ааламда кымкуут түшүп,
Калган экем карабай жан жагыма…

Боюң абдан өсүптүр, арыктапсың,,
Карегиңе бир санаа түнөптүр ээ,
“Апа чачың агарып, ийниң түшүп,
Үстүң бүтүн, көздөрүң жүдөптүр ээ?”

Сен өсүпсүң, мен уулум улгайуунун..,
Өрүн өрдөп калганым танмак белем,
Көзүм жүдөө анткени жаз, тоо, талаа,
Капастагы куш болдук аалам менен.

Убактым жок апама, сага, доско,
Томсоруптур жакшы сөз тилде калып,
Кайран гана убакыт жокко уурдалган,
Болгон экен сөз карып, көңүл карып,,,

Адамдардын көөнүнөн сыртта калып,
Болгон экен жаз карып, аалам карып…

Айжаркын  Эргешова, акын, журналист, «Келкел»  журналынын негиздөөчүсү