Блогер блок

Жаратканыбыз бизге ойлонууга, ойгонууга убакыт, өзгөрүүгө, өнүгүүгө миллион мүмкүнчүлүк берип жатат

Өмүр деген — бул убакыт менен бааланып, ал баарыбызга бирдей берилет тура. Жандуу менен жансызга, жакшы менен жаманга, таттуу менен ачууга, бар менен жокко, аз менен көпкө, улууга да, кичүүгө да…

Өмүр кайталанбайт, кайра келбейт. Даанышман аталарыбыз айткандай, “өмүр атасы — бул убакыт”. Жаратканыбыз ушул тапта ар бирибизге ойлонууга, ойгонууга бирдей убакыт, ал эми өзгөрүүгө, өнүгүүгө миллион мүмкүнчүлүк берип жатат. Аны ким кандай пайдаланат өз эрки.

Кырдаал адамдарды кадыресе эки категорияга бөлүп койду:
Кимдир бирөө жаңы мүмкүнчүлүккө гана көңүл буруп, анын негизинде аракетте.
А, кимдир бирөө кырдаалдын терс жагына гана маани берип, ага байкоо салып олтурат.

Ар бир адамдын аң-сезимине, ой жүгүртүүсүнө жараша. 

Коркконго кош көрүнөт болуп, буга чейин негативдүү ойдун курмандыгы болуп келгендер үчүн кырдаал ого эле коркунучтуу көрүнүп калды.
Ал эми жашоого, өзүнө чоң ишеним, ❤ сүйүү менен жашап келгендер үчүн учур, “жаңы мүмкүнчүлүк” деген каалгасын ачты. Жаңы идея, ачылыштар жаралууда. Өз алдынча өнүгүүгө кадам таштап, тил үйрөнүп, китеп окуп, китеп жазып, керемет-керемет таланттар ачылууда. Өткөн-кеткенге, өйдө-төмөнгө саресеп салып, убакыт, ден соолук, үй бүлө деген баалуулуктар баалана баштады.

Энергия көңүл топтолгон жерде болот. Бул жашоонун эң маанилүү мыйзамы. Эмне жөнүндө көп ойлоп, көп сүйлөсөк ал реалдуулукка айланат, ишке ашат. Көңүлдү көйгөйгө бурсак, көйгөй көбөйөт, мүмкүнчүлүккө койсок, мүмкүнчүлүктөр ачылат. Келиңиз, ар бирибиз ойго анализ жүргүзүп көрөлү. Негатив көп боло турган болсо, андан арылалы. Коркунуч, таарыныч дегенди унутуп, иммунитетти бекемдейли, жаңы мүмкүнчүлүк издеп — өзгөрөлү, позитив ойлоп — энергия, эргүү алалы. Ал эми булардын башын бириктирип турган жаркын келечек үчүн күн сайын кам көрөлү!

Үйдө болуп, башкаларга үлгү бололу!

Бурулкан Нуракова, журналист, чечендик өнөр боюнча машыктыруучу

#бурулканнуракова #позитив #энергия #коронавирус #уйдөбол

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button