Жардам беруу үчүн мээримдүү жүрөк, мекенчилдик сезимдер жетиштүү экенин далилдеген аялзатынын жардамын баса белгилеп кетүүгө тийишпиз.

Нарын районундагы Учкун айылында Пакистандан давааттан келген жаран коронавирус жуктурганы аныкталып, Нарын району карантинге алынып, озгочо абал киргизилген.

Учкун айылы табигый климаты катал, бийик тоолуу аймакта жайгашкан менен, мамлекеттен бийик тоолуу айылдардын катарында жөлөк пул алышпайт. Айылдын эли мал чарбачылыгы менен алектенип кунумдук оокаттарын кылышат.

Азыркы оор карантин учурунда албетте, ар бир үй-бүлөгө кыйын болду. Ушундай күндөрү кыйналган элине кол сунган ишкер кыздарынын саамалыгы жүрөк жылытты.

Ишкер айым Жылдыз Разаева жеке каражатынан эллине 100 000 сомдук гуманитардык жардам көрсөткөн. Бул тууралуу социалдык баракчаларга жазылгандан кийин башка айылдаштары да жардамга кол сунуп башташкан. Россияда эмгектен ажы апа Мырсакулова Майрамбүбү 150 000 сом которуп, ага айыл ынтымагынын башчысы элге керектүү азык-түлүк, медициналык каражаттарды алышканын билдиришти.

Биз ар бир кайрымдуулук иштери тууралуу чагылдырып турууну туура көрдүк. Анткени, жакшылык иштер жугуштуу, башкаларга үлгү, түрткү болот.