Ээ адамзат, бул оору кайдан дебе,

Мындан башка калбаган айлаң деле.

Зыркыратып өмүрдүн кан тамырын,

Зыян болуп бараткан пайдаң деле.

Табиятты тайраңдап талкаладың,

Арамдыкты кесиптей аркаладың.

Алсыздардын көз жашын көрүп туруп,

Айтчы, качан кырсыктан калкаладың.

Наадандыкка толсо да чар тарабың,

Акылыңды бир жолу калчабадың.

Жаның ыйлап жатса да көз алдыңда,

Жасалмалуу жүзүңдөн чарчабадың.

Тарыхыңды тааныбай бараткансың.

Келечектин карегин канаткансың.

Ырысыңды ыргытып таштандыга,

Ыйманыңды шайтанга талаткансың.

Укпайт элең булбулдун сайраганын,

Урган жоксуң намыстын кайнаганын.

Туйбай калдың көз ачпай уктай берип,

Көрө албастык көзүңдү байлаганын.

Аял билбей үйүндө эрдин баркын,

Эркек билбей Ата-Журт элдин баркын.

Тулку бойдон ыргытып салган элек,

Туулуп өскөн топурак, жердин баркын.

Кошоматка кой союп ар намысың,

Кара өзгөйлүк бийикке барганы чын.

Эс-акылы этектен көтөрүлбөй,

Эркек кордоп аялды калганы чын.

Жан дүйнөңдү көр дүйнө пайдаланды,

Тургун эми, карачы айланаңды.

Баары өзгөргөн, сен аны сезбей калдың,

Асыл күндөр сен күткөн кайда калды.

Тазалачы жүзүңдү баткактагы,

Салдың эле абийирди таптап дагы.

Жүзүн буруп чындыктан эбак эле,

Жүрөгүңдү калп беле дат басканы.

Ээ адамзат, ойлогун кечээгиңди,

Өзүң жулуп жаткансың өзөгүңдү.

Сезимиңди бөлүп кет пенделиктен,

Сездиң эми алсыз жан экениңди.

Напсиң гана токтоосуз иштеп калган,

Ач жүрөктү, оордукту жүктөп салган.

Кулак укпай, көз көрбөй, дилиң соолуп,

Аруулуктар муңайым тиктеп калган.

Каршы чыкты табият кай сөзүңө?

Ээ адамзат, эми сен кайт өзүңө.

Адам болуп алдыңа келдим дегин,

Абалыңды Кудайдын айт өзүнө!

***

Вирустан калкым кутулаар,

Кырсыктын жолу бузулаар.

Азапты далай жеңген эл,

Андайды алыс учураар.

Ооруга жанды тоорутпай,

Көр дүйнө үчүн согушпай.

Каректей сактаар күн келди.

Ата-Журт жанын соолутпай.

Сүйүнүп байлык бийликке,

Сүйөнгөнүң да бир тыйын.

Чиновник болуп оор кезде,

Чиренгениң да бир тыйын.

Башыңа түшсө көнөсүң,

Эл көргөн күндү көрөсүң.

Кечирим берип Жараткан,

Бейпилдик менен бөлөсүн.

Тазалайт Кудай кирдесең,

Жазалайт Кудай билбесең.

Бакыт да байлык бул тапта,

Баарыбыз үчүн бир Мекен!

Бердибек Жамгырчиев, акын, Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.