Мындан 30 жыл мурда ушул күнү, 1990-жылдын 10-апрелинде «легендарлуу» парламент өз ишин баштаган. Бул датаны бүгүн Жогорку Кеңештин жыйындар залында илимий-практикалык конференция менен белгилөөнү чечкенбиз. Тилекке каршы, карантинге байланыштуу иш-чарабыз өз учурунда өтпөй калды.

Көз карандысыздык Декларациясы сыяктуу бир катар тарыхый чечимдерди кабыл алган бул парламенттин башында Медеткан Шеримкулов турган. Ошондогу  350 депутаттын учурда эки жүздөн ашуунунун көзү тирүү.

1990-жылы эң жаш депутат болуп шайланып келишкен Өмүрбек Текебаев, Ишенбай Кадырбеков сыяктуу инсандар дагы деле чоң саясаттын чордонунда жүрүшөт.
Маалымат Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун улуунун фейсбуктагы баракчасынан алынды.