Бул баяндан ааламга жол баштаган айылыбыздын турмушу коз алдыбызга келет экен. Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Аалы Искендеровдун баракчасынан алынды.


Айылга келгениме жыйырма күнгө аяк басты. Айылда кадимки жай турмуш өз нугунда. Эртең менен койлорду жайытка айдап жиберген соң, сарайын үстүнөн, малдын акырынан, жыйылган чөптүн арасынан жумуртка чогултмай.

Чогулткан жумурткаларды ашканадагы көк чарага алып келип салам дагы, тамактанып алып жайытты көздөй койлордун артынан жөнөйм.


Азыр төл башталган убак, иним экөөбүз кой кайтарабыз, талаадан туулган козуларды көтөрүп алып кечинде койлорду короого айдап келебиз.

Айылда «сагызган» — деген зыянкеч канаттуу шумдук көбөйүптүр, жаңы туулуп тура албай жаткан козуларды чокуп жиберет.


Тоок кыйкырганда жетишип барсаң жумурткасын алып калдың, эгер кичине эле кечиксең бүттү жумурткадан кол жуудуң дей бер. Уядагы жумуртканы сагызган көтөрүп кетет.

Кичинекей кезимде тоокту аябай көп бакчу элем, кийип жүргөн күрмөмдү чечип, моюнун эки жеңи менен байлай коюп анан жумурткаларды ошого салып чогултуп келчүмүн үйгө. Анда сагызганга мынчалык алдырчу эмесмин.

Эсимде, мен 7-класста окуп жатканда биздин дүкөн иштеткен кошунабыз бир күнү дүкөнүнүн жанына бильярд алып келип койду да «бир партия оюн 10 сомдон»-деп жарыя кылды. Бизге окшогон кичинекей балдарга 10 сом ал кезде чоң акча болчу. Ал жерден адам үзүлбөй кезектешип ойношот, көбүнчө чоң балдар ойночу. Мага окшогондорго эч эле кезек жетчү эмес. (ара-чолодо акелеп суранып жатып бир жолу атып калганым болбосо)


Антсе да кеч киргенге чейин алардын ойногонун карап отуруп күн батып, күүгүм кирип калганда анан үйгө кетчүмүн. Бир күнү ошол дүкөн иштеткен кошунамдын аялы айтып калды.
«Аалыке үйдө жумуртка болсо алып келбейсиңби, мен бир даанасын 5 сомдон сатып алайын?» — деп.


Мен макул болдум да үйгө чуркап келип, санап туруп туптуура 40 жумуртканы көтөрүп алып эдиреңдеген бойдон жетип бардым.
Тиги эже алпарган товарымды алды да 200 сом акчаны колума карматты. Акча түшкөн чөнтөк ысып тим эле күдүңдөйм, жумуртканы ар кимге жөн эле бере бербей сатып, акчасына бильярд ойноп турсам эмнеге болбосун деп. Анткени буга чейин мен үйгө келген досторума, тааныштарга бекер эле тарата берчүмүн.

Ошентип мен жаңы баштаган ишимди мыйзамдуу кылыш үчүн ата-апама «чогулткан жумуртканын үчтөн бирин дүкөнгө өткөрөм, ал эми калганын үйгө алып келем» — деп келишим түздүм.
Андан кийин башка дүкөндөрдөн да сунуш түшө баштады, 10 күндө бир жолу 50дөн кем эмес жумуртка аларга да алпарып сатам.


Күн алыс жегеним Балмуздак, ичкеним Буратино лимонады (айылда өскөн балага Балмуздактан өткөн жакшы нерсе болбосо керек).

Эми баягыдай кечке чейин отуруп бир жолу «Кий» кармаганыма каниет кылып, кеч күүгүмдө үйгө келчү кез артта калды.


Бильярдды болсо каалагандай ойнойм, анткени тиги эже мага «без очеред» кылып койгон. Эжеге болсо жумуртка берип эсептешип коём.

Ошол мен 7-класста окуп жатканда айылыбызда биринчи жолу сотовый телефон иштеди.

Атам алып берген «Нокиа 3110» үлгүсүндөгү телефонду сүйүнүп көтөрүп жүргөн кезим. Көзүмө кызык көрүнгөндүн баарын сүрөткө тартып өзүмдү фотограф сезип эле. Бирдикти болсо жумуртка сатып салып алам.


Айтор тооктун пайдасын кичинекейимде аябай эле көрүптүрмүн.
Эртең менен жумуртка чогултуп жүрүп ошол кез эсиме түштү.

Бүгүн иним экөөбүз айланадагы бак-дарактардын үстүндөгү сагызгандын уяларын бузуп жок кылдык. Антпесек жумуртка чогулта алчудай эмеспиз.
Буга чейин сагызган тооктордун жумурткасын көтөрүп кетип бизди тажатчу эле, бүгүн мен алардын жумурткасын уясынан көтөрүп баса бердим.
Кой кайтарып, зыянкеч канаттуу менен алышып коюп отурам ушинтип!