Ак жаан, ак жаан… жашы тынбай куюлуп,
Асман ыйлайт неге минтип буюгуп?
Апрелди тең ортолоп калса да,
Адам күнгө албай жону жылынып.

Өткүн эле – адамдардын күткөнү,
Көп күн неге асман ыйлап бүтпөдү?!
Күркүрөөчү күн добушун чыгарбай,
“Чарт-чурт” этип чагылган да түшпөдү.

Алигиче дабаа эч ким таппаган,
Ааламды бүт “таажы тумоо” каптаган.
Асман дагы дал ушуга капабы,
Адамзат деп арманы ичке батпаган?!

Көрмөк белек, көрмөк белек ушуну,
Кырылабы адамзаттын тукуму?
Мындай апаат болбоптур тээ байыртан
Канча согуш чыкса дагы утуру.

Кылыч, найза, мылтык менен ир алды
Куралданып, адам көптү биле алды.
Адам тапты атом, өзөк… бомбаны,
Ким тапты экен эми “вирус” куралды?!

Адам мээси бардыгына жетти деп,
Ааламдашып, асман, жерди тешкилеп.
Интернетке иттей баары байланып,
Күчтүү, ылдам 4 g (жи), эми 5 g (жи) деп.

Көрсө бирөө ойлогонун бербейм деп,
ВОЗ аркылуу бул тумоодон эмдейм деп,
Эмдегенде канга кошо чип куюп,
Элди жайлайт деп тароодо желдей кеп.

Буга чейин колдонулган куралдай,
Танк, самолёт, бомба… бир ок чыгарбай.
Коёт дешет кырып миллиард адамды,
Кнопканы басып элден суранбай.

Бул не шумдук, эмне деген вакцина?
Айтылууда сөздөр жаман, жакшы да.
XXI кылым, нано технология –
Муну дагы адам ойлоп тапты да!

Эгер адам болсо адам душманы,
Жерде жашоо турса колдон учканы,
Кутулабы мындай балээ тумоодон,
Эмделүүгө барбай койсо бүт баары?!

Билбейм, билбейм, жооптон бүгүн суроо көп,
Карантинде калып, көңүл улоо көп.
Асман ыйлайт, кабактар да ачылбай,
Адам Кудай сыноосуна чыдоосу эп.

Ак жаан, ак жаан, төктүң неге басылбай,
Адамдардын буулуккан көз жашындай?
Ак жаан, сенин бул ыйыңда сыр барбы,
Алмамбет эр салган жайчы ташындай?!

Ак жаан, ак жаан, неге мынча буюктуң,
Апрелде карга айланып куюктуң?!
Артың жакшы болсун, айдап тумоону,
Ак жаан, жерге бейпил жашоо уюткун!

15.04.2020.

Жедигер СААЛАЙ