Блогер блок

Эмне үчүн Өкмөт башчы кызматтан кетиш керек?

Урматтуу мекендештер биз жөн эле бузулган система үчүн, башка бирөөлөрдү жаман көрүп жаткан жокпузбу? Бул сөздөрдү жазганымдын себеби бирөөнү актап же болбосо коргогон жокмун. Өзүңүздөр артка кылчайып көз жүгүртүп көрүңүздөр,канча жолу алмашты эмне өзгөрдү баягы эле көрүнүш. Өкмөт башчыны алмаштыргандан эч нерсе өзгөрбөшун билип турабыз, бирок баары бир акылдуу боло беребиз чындыгында.

Эгер өзгөрүүнү кааласак анда эмне кылуу керек?

1. Баарыбыз пейилибизди оңдоп, өзгөрүүнү өзүбүздөн башташыбыз керек.

2. Системаны алмаштырыш керек. Себеби өлкөдөгү бардака жооп бере турган эч ким жок. Ошол үчүн Өкмөт башчыны крайный кылып коюп отурабыз.

3. Шайлоолордо өз укугубузду коргоп, акчага сатылбай, адал тандоо кылышыбыз керек.

4. Тез аранын ичинде Референдум өткөрүп, башкаруу системабызды тандап алышыбыз керек.

П.С. Азыркы системада жооп бере турган адам жок. Ошол үчүн бир жылда эле Өкмөт башчыны алмаштырып жөн эле өз бюджетибизге кыянаттык кылып чыгымга учурап жатабыз. 120 депутаттын дагы кереги жок. Менин жеке оюмча ар бир районго бирден эл өкүлү жетет. Анан партиялык системаны жок кылып, депутаттарды бир мандаттуу шайлоо жолуна кайтып келишибиз керек. Депутаттар бир жылда элге отчет берип туруш керек жөн эле 5 жыл кооз сүйлөп коюп кете бербей. Эгер отчет бере албаса анда мандатын тапшырып кетиш керек. Кайсы райондон келген болсо, кайра ошол райондун эли башка өкүлүн шайлап парламентке жөнөтүш керек. Башкаруу системасын түп тамырынан өзгөртүш керек. Эгер президенттик болсо анда эл, кудайдан корккон чыныгы мекенчил, эрки, духу күчтүү реформаторду шайлап алуусу керек.

Азыркы учурда андай инсан жок болсо анда парламенттик башкаруу бизге ыңгайлуу. Эгер парламенттик башкарууга өтсөк, анда Өкмөт башчыны жок кылышыбыз керек бирок президентти парламент шайлайт. Сот, прокуратура, МВД жана УКМК толук түрдө парламенттин карамагына өтүш керек. Өкмөттү президент өзү башкарып парламентке отчет берип туруш керек. Бирок ушундай система түзүлүп калса, анда парламентке дагы чыныгы эл үчүн күйгөн мекенчил топ келиш керек. Мына ушул система менен оңолуу жолуна түшсөк болот. Кайра-кайра Өкмөт башчыны алмаштыра бергенден эч нерсе өзгөрбөйт туугандар.

Маалымат фейсбук колдонуучу Талантбек Мамытовдун баракчасынан алынды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button