Блогер блок

Пандемия: Баягы чуу жараткан кайрылуунун жемиши …

Негизи, Америкадагы көз карандысыз www.gofundme.com фондуна кызынын өтүнүчү менен дарыгер Комилова Минавар эже кайрылуу жасаган. Кыргыз Өкмөтүнө эмес! Ал видео 1-апрель күнү тартылган. Арада интернетке таркап кеткен. Таркаткандарга эженин да ызасы келип турган учуру.

Мына, бүгүн ошол фонддон Лейлек жергесиндеги кесиптештери үчүн суранган жардамы келди. Аны кысым болду же бийлик эми кысымга алат деген оюңуздар туура эмес экенин материалдардан көрсөңүздөр болот. Ынтымактуу эле бирге тосуп алышкан. Ортодо болгону түшүнбөөчүлүк эле болгон. Кысым болбогонун эже да белгилеп айтты. Жөн жерден эжени да каралап… Эгер дарыгерлерге күйсөк диванда отуруп сын такпай, келгиле жардам берели. Каражат топтойлу. Алар элден жардам сураган жок, өкмөттөн жардам сураган жок. Америкадагы жогорттогу фонддон бекер келе турган жардамга өздөрүнүн коллективин жабдып алалы деген ой менен кайрылган. Анан мурдагы чыгарылыштагы оюбузду так окусаныздар…

Эжени каралап, бийликти колдогонубуз жок! Кайра эженин оюн, максатын коргоп чагылдырганбыз. Биз калыстык үчүн аракет кылдык. Элге маалымат үчүн!
Дагы бир белгилей турган нерсе… Келген гум.жардамга Америкадагы лейлектик да жердештерибиз салым кошкон, атын атабай эле коёюн. Сиздерге чоң рахмат! Өзгөчө, Минавар эже жана анын кызына терең ыраазычылык!

Маалымат фейсбук колдонуучу Мурат Эгембердиевдин баракчасынан алынды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button